Аркарлардын арманы

Дүйнө жүзү боюнча жапайы жаныбарлар өтө тездик менен азайып, жоголуп баратышы адамзаттын азыркы көйгөйлүү маселелеринин бирине айланды. Ушул себептүү жакында Бишкекте он эки өлкө биргелешкен “Ак илбирсти сактоо жана анын экосистемасын жакшыртуу” боюнча эл аралык форум болуп өттү. Форумдун катышуучулары ак илбирстин жоголуп бара жатышынын себептери – климаттын өзгөрүшү, континенттик жылуулуктун жогорулашы, браконьерликтин күчөшү жана алардын азыктануу базасынын азайышы жана жашоо чөйрөсүнүн ореалынын кыскарышы экендигин белгилеп, бул боюнча декларация кабыл алышты. Жаратылышты экологиялык коргоо системасында ак илбирсти сактоо менен бирге бийик тоолордун шартында анда жашап, түнөктөгөн кайберен-кийиктерди да бирдиктүү коргоо маселеси баса белгиленди. Демек, кайберендерди коргоо менен бирге ак илбирсти да сактап калабыз. Сөз оңу келгенде айта кеткенибиз оңдур, эч кимге жашыруун эмес, бизде, Ала-Тоо аймагында кайберен-кийиктерибизди асмандан вертолёт, жерден “Нива” менен кубалап автомат менен атып кырып, аларды жоготуунун чегине жеттик. Жогорку Кеңештин өткөн сессияларынын биринде кайберендерди сактоо жөнүндө мыйзам кабыл алуу боюнча жакшы маселе көтөрүлгөн эле. Анан кызыктай болуп, сессиянын жүрүшүндө браконьерлик боюнча видео көрсөтүлүп калбайбы. Ошондо айтпа, депутаттардын тобу “чалкасынан” кетишип, мыйзамды өткөрүшпөй коюшкан… Себеби, түшүнүктүү… Андыктан “Аркарлардын арманына” кулак төшөйлүк.

 

Көрүп турам баарысын,
Көк мелжиген аскадан.
Бара бара азайып,
Бараткансыйт жакшы адам.

Арбыгандан арбыган,
Арманым бар, санаам бар.
Көмөчүнө күл тарткан,
Көбөйүптүр адамдар…

Бир көзүмөн кан тамып,
Бир көзүмөн жаш тамып.
Кыл учунда турабыз,
Кыямат күн аз калып.

Эзелкиден нарк кетип,
Эми минтип заман тар…
Топук эле, тынч эле,
Тоо ичинде адамдар.

Адамыңа не болду,
Акыл-эсти башкарган?
Ааламат күн келеби,
Акыр заман башталган…

Кандай адам болду экен,
Кайбар жорук баштаган.
Жаратылыш келбетин,
Жабыркатып таштаган.

Секи – секи, секилеп,
Сээрүн оттоп жүрчү элек.
Эчки улагын ээрчиткен,
Эми кайда бекинет.

Адыр – адыр, адырлап,
Ак бетеге оттогон.
Аркар, кулжа азайса,
Аны ким бар жоктогон.

Өзөн – өзөн боюнда,
Өскөн жалбыз бар эле.
Өзөн суулар ошондо,
Өкүрөңдөп шар эле!

Кызыл-кызыл кыяр гүл,
Калактаган миң жоолук…
Баягы шар – күүсу жок,
Барат өзөн соолуп…

Күндө кирет түшүмө,
Күркүрөгөн капчыгай.
Анда теке, кулжалар,
Аралашып жатчу жай.

Оттоп беймаал чыкчубуз,
Отуз, кырктан топтолуп.
Оюн салып түшчү элек,
Оо, бийиктен оштонуп!

Бейиштин төрү болуучу,
Береги жайлоо, о анда!
Жамбашты кумга ысытып,
Жатчыбыз жуушап кумайда.

Жөргөмүш, таана жегенде,
Жөтөлүбүз басылчу.
Жаныбыз сергип илдеттен,
Жарпыбыз жыргап жазылчу.

Тескей – тескей, тескей тоо,
Тескей тоонун ышкыны.
Текебер кылып жүрупбүз,
Терип жебей биз муну…

Керме – керме, керме тоо,
Керме тоонун согону.
Кере жутпай калдык го,
Керемсел жел – коогалуу…

Сары каймак эле сүтүбүз,
Сарымсак, шыбак жыттанып.
Жашыл төрдөн айрылып,
Жашообуз барат кыскарып.

Араңарда көп эле,
Ариет, айкөл жарандар.
Боздотуп бизди жатпайбы,
Бошкоевдей адамдар.

Бошкоевдей адамдар,
«Боевик» бизге болушту.
Байышып сатып жатышат,
Пансионат, суу, конушту.

«Экология» деп коюп,
Эт чүйгүнүн жеп коюп.
Ээн жердин «бөрүсү» –
Эсирип кетти Бошкоев.

Кызуу – кызуу кеп коюп,
«Кызыл китеп» деп коюп.
Улуу тоонун боорунан,
Уларды атат Бошкоев.

Чуулкандуу кеп коюп,
«Чумага» каршы деп коюп.
Суурду атып түгөттү,
Сурков менен Бошкоев.

«Аңыртыдан» аңырды,
Атпагылы деп коюп.
Кулжаны өзу сулатат,
Куурдагынан жеп коюп.

Yстүбүз да ааламат,
Астыбыз да ааламат.
Жашабай эми калдыкбы,
Элкин тоону пааналап?

Оозун көрөм мылтыктын,
Yнүрөйүп тиктеген.
Көзүмдү ала качкыча,
Yн жаңырат күтпөгөн!

Коркунуч жок эми анча,
Тайган, бүркүт, капкандан.
Азайып бара жатабыз,
Автомат менен аткандан!

Көк асманда чалкыган,
Көрүнбөйт бүркүт калкыган.
Сагындым анын караанын,
Сагындым үнүн шаңшыган!

Айланайын адамдар!
Айыкпас арман зарым бар.
Жөнүм жок эле силерге,
Жөн салды эле таарынар?

Тукумубуз уланбай,
Турмуш болду чатышкан.
Берендер чыкты асмандан,
Вертолет менен атышкан.

Артыбыздан кубулап,
Аңырандатса «Нивасын».
Качаарга жай калбай,
Камалып зоодо турасың.

Yстүбүздөн вертолет,
Yлгүлтпөйт бизди качканга.
Тыптыйпыл боло түшөбүз –
Тытыратып атканга.

Ар күнү болот бул жорук,
Айтабыз кимге арманды?
Кийикти кырып жаткандар –
Кимиси, качан кармалды?

Боор этиңди сыздатып,
Боо түшүрүп бизди атып.
Жеткирип бизди жатпайбы,
Куйкалатып, ыштатып.

Борбор жактан эле го…
Болгон ишти жашырган.
Кыйлага маалым болсо да,
Кырк мүнөт өтпөй басылган…

Эсим кетип турган чак,
Эки көздөн жаш кулап…
Ааламат күнгө туш болдук,
Ала –Тоодон таш кулап…

Yйүбүздөн куулуп,
Yзөңгү – Куушка сүрүлдүк.
Кытай сыпаа эл экен,
Кыргыздардан түңүлдүк.

Тагдырыбыз тарыса,
Таштап ыйык Мекенди.
Афган тоосун пааналап,
Алайдан ашып кетемби?

Жаратылыш жабыркап,
Жашыл өңү тосулуп.
Бака эмес, баары жоголот,
Бара бара отуруп.

Биз жашаган жер шары,
Кичинекей тоголок.
Айбанатты жоготсо –
Адамзат өзү жоголот.

Мекенчил, айкөл, боорукер,
Мээнеткеч калыс жашаган.
Табигатты коргоп алар…
Табияты таза адам.

Каныбек ЖУНУШОВ, акын