Санжар ТӨРӨГУЛОВ, ырчы: «Бирөөнүн жакшылыгын көрө албаган адам – айыкпас дартка чалдыккандай…»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Баары тааный бербесе дагы маданият чөйрөсүндө өз орду бар ырчылардын бири — Санжар Төрөгулов соңку кезде чыгармачылыкка жең түрө киришкен чагы. Андыктан, анын акыркы жаңылыктары менен бирге өзү тууралуу кенен маалымат жарыялоону туура көрдүк. Күйөрмандары үчүн кызык болгон суроолорго жооп алуу максатында маегибизди блиц суроолор менен баштайбыз.

– Кытай жылнаамасы боюнча жылыңыз?

– Кой.

– Ырым-жырымга ишенесизби?

– Ишенем. Анткени, бул нерсе биздин ата-бабаларыбыздан калган түшүнүктөр эмеспи.

– Акыркы жолу кайсыл китепти окудуңуз?

– Түгөлбай Сыдыкбековдун «Өмүр жана күлкү» деген эмгегин.

– Эң көп колдонгон сөзүңүз?

– Негизи, буюрса, жакшы… Бул үч сөздүн мааниси чоң. Пенденин оозунда болсо – Жараткандын кулагында демекчи, “жакшы” десек баары жакшы болот.

– Жашоодо карманган урааныңыз?

– Бирөөнүн ийгилигин көрө албаган адам өзүнө айыкпас дарт табат. Адамдар ар дайым жанындагылардын жакшы жактарын гана көрүп, жөлөп-таяп турушун каалайм.

– Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?

– Жашоодо жакшы менен жаманды ажыратууга күчүм жетсе да бул суроого толук кандуу  жооп  берүү  кыйын.  Ойлогон  ой-максаттарга өз күчү менен жеткен, кошаматчы эмес адамды жолуктурсам жакшы инсан деп айтарым бышык. Бирок, өзүм да ийгилик, өз аты үчүн жан үрөп чуркабаган, жулунбаган адам болгондуктан, бул менин алсыздыгым болсо керек…

– Адамдардагы сиз кабыл албаган сапат?

– Эки жүздүүлүк.

– Арманыңыз барбы?

– Арманым жок, бирок убакыт өтүп кеткен соң “аттиң” деген өкүнүчтөр болбой койбойт.

– Келечекте балдарыңыздын каякта билим алуусун каалайсыз? Кыргызстандабы же чет өлкөдөбү?

– Сапаттуу билимди Кыргызстанда дагы алса болот. Өзүн өстүрүүгө бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм. Демек, мен өз өлкөбүздө келечектеги балдарымдын билим алуусун камсыздамакмын.

– Кыргызстан сиз үчүн?..

– Туулуп-өскөн, билим алып адам болгон, учурда эмгектенген, ата-энем, жакындарым жашаган, сүйүктүү кыргыз эли мекендеген “бейиш” десем болот.

– Жакшы, кыска суроолорубузга жооп ала алдык. Эми балалык тууралуу сүйлөшсөк. Балалык күндөрдү сагынганда кусалыгыңызды кантип таратасыз?

– Туулган жерге барып, балалык күндө биз ойногон жолдор, көчөлөрдө басуу аркылуу сагынычымды жазам. “Эгер Ата Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле”, – деп айткан экен залкар инсан Чыңгыз Айтматов. Жашоо сагынып жашаганы менен кызык болсо керек. Айылга бат-баттан каттап, ал жакта болуп жаткан өзгөрүүлөргө күбө болууну жактырам.

– Азыркы учурда сиз аткарып жүргөн эмгектер тууралуу да айтып өтсөңүз. Репертуарды жаңы эмгектер менен толуктоодо эмнесине өзгөчө көңүл бөлөсүз?

–Кыргыз колоритин сактаган чыгармаларды элге жеткирүүгө аракет кылып келем. Байкасаңыздар, мен жаңылап жаздырып чыккан чыгармалардын баары фольклор менен эстраданын айкалышынан жаралган. Алгач сөзүнө, кайрыктарына көз чаптырам, албетте. Азыркы учурда дагы эки эмгекти жаз-дырып жаткан чагым. Ал эми буга чейинки чыгармалардын дээрлик баары сүйүү темасында. Алдыңкы учурда тематиканы өзгөртүп, ата-эне, жашоо, жаратылыш, туулган жер жөнүндө да эмгектерди жаңыртуу планымда бар.

– Жан дүйнөңүз жабыркап, жакшы нерселерди каалап турганда, сиз-дин алга жылууңузга өбөлгө болгон эмне?

– Алдыга жылууга түрткү берген бул менин бала кездеги кыялдарым. Негизи кыргыз элинде үйдүн кенжеси ата-энесинин үйүн карап, алардан калган мурасты андан ары улап кетет эмеспи. Мен үй-бүлөдө жети бир туугандын эң кичүүсү экендигиме карабай, ата-энем чыгармачылыкта өз жолумду табуума көмөктөшүп, моралдык жактан колдоп келишет. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Андыктан, алардын ишеничин актоо башкы максатым жана ойлогон ойлорду ишке ашырууга мотивация болуп берет.

–  Жүзүңүздөгү  жылмаюуну  көрүп, жүрөгүңүздөгү кайгыны сезе алган досторду жолуктура алдыңызбы?

– Рыспай Абдыкадыров агабыз айткандай, бир тууган болуш үчүн бир энеден төрөлүштүн кереги жок. Муну айткан себебим, бир туугандай болуп, бир нанды бөлүп жеген досторум  көп.  Студент  кезде  жети  облустан келген теңтуштар менен искусство аркылуу таанышып, бир жерде жашап, бир максатты көздөгөнбүз. Ал максат: сапаттуу чыгармалар менен маданиятка салым кошуу болчу. Ал эми азыр болсо үй-бүлө күтүп, жашоону башка көз менен карап баштаганы алардын ичинен чыныгылары иргелип чыкты десем болот. Ошондой эле, туура чөйрө тандоо да маанилүү дегим келет. Кишиники кирип-чыкканча эле билинет дейт эмеспи. Айрым адамдар менен аралыкты сактайбыз. Бирок, кан достор бир учурда душман, ал эми душман дос болуп калышы мүмкүн экенин эске алып, баары менен жакшы мамиледе болууга аракет кылам.