Бишкекте бир күндө 3 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери 12-декабрда Бишкекте 3011 жол кыймылынын эрежесин бузууларды аныкташкан.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, эреже бузуулардын басымдуу бөлүгү 1499у — кесилиштерден өтүү, кууп өтүү жана манёвр жасоо, каршы тилкеге чыгуу, жол эреже белгилерин, аялдама жана унаа токтотуу эрежелерин сактанбоо боюнча болуп саналат.

Андан соң:

— Коопсуздук курун тагынбастан унаа башкаруу — 568;
— Унаа башкаруу учурунда айдоочунун жабдуу аркылуу сүйлөшүүсү– 562;
— Жогорку ылдамдыкта айдоо– 239;
— Жалган мамлекеттик номерлүү унаа каражаттарын башкаруу – 37;
— Мас абалында унаа башкаруу –34;
— Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 25;
— Унаанын мамлекеттик номерин өз алдынча чечип алып айдоо – 24;
— Документтери жок унаа башкаруу – 23;

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 155 унаа токтотулган. Бул иш-чараны өткөрүү үчүн Чүй облустук жана борбор калаанын ЖКККББ Борбордук аппаратынын кызматкерлери тартылган.

Булак: Кабар