Бишкекке каттаган автоунаа үчүн акы алуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Бишкек шаарынын аймагына кире турган автоунаа үчүн айдоочудан акы алуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламент жыйынында айтты.

Депутат шаарда автомашиналардын көптүгү абаны булгап жатканын жүйө келтирип, абал кооптуу чекке жетип калганын, мунун айынан адамдардын түрдүү онкологиялык, өпкө ооруларга кабылуусу көбөйөрүн белгиледи.

— Өкмөт автотранспорт каражаттарына салык киргизүүгө макул болбой койду. Анда мындай укукту жергиликтүу бийликке берели. Алар салык өлчөмүн өзүлөрү аныкташсын. Популярдуу эмес чараларга да барууга аргасызбыз. Бишкекте катталган машинелерге, балким, көбүрөөк салык коюш керек. Анда көбү башка аймактарга каттата баштайт чыгар. Мындай болсо Бишкекке кирүү учүн акы төлөтүү керек болот. Андан башка аргабыз барбы?

Бекешов машиналардын өндүрүлгөн жылы жана кыймылдаткычынын көлөмү тууралуу маалымат мурда жабык болуп келгенин, эми аны өкмөт ачыктагандан кийин өлкөдөгү автоунаанын 80% техникалык жактан эскилиги жетип калганы аныкталары ажеп эмес экенин кошумчалады.

Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын булганышы боюнча маселе өткөн аптада өкмөттө каралган. Кеңешмеге өлкөдөгү мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология боюнча эксперттер катышкан.

Булак: Азаттык