Биометрикалык паспортту бекер берүү 31-декабрда аяктайт

Биометрикалык паспорт 31-декабрга чейин гана бекер берилерин мамлекеттик каттоо кызматы эскертет.

Жыл аягына чейин жарандар 2004-жылкы (ID-карт) жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторун жаңы биометрикалык паспортко белгиленген тартипте бекер алмаштыра алат. Эгер паспорт шашылыш түрдө керек болсо ага акча төлөнөт.

Белгилей кетсек, 2017-жылкы үлгүдөгү жаңы паспортту алуу үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу керек.

Булак: Спутник