«Айкөл Ала-Тоо» Данияр Үсөновду Кыргызстанга кайтарууну талап кылды

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин 20дан ашык мүчөсү бүгүн Беларус Республикасынын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар «Ууру түрмөдө отурушу керек!» деген жазууларды көтөрүп, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Кыргызстанга кайтарууну талап кылышты.

Чогулгандар менен жолугушууга элчиликтен эч ким чыккан жок. Акциянын катышуучулары Беларус президенти Александр Лукашенкого багытталган кайрылууну элчиликке таштап кетишкенин «Азаттык» радиосуна маалымдашты. Анда 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында жабыркаган жарандар жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрү Данияр Үсөнов — Даниил Урицкийди кайтарып берүүнү өтүнөрү жазылган.

2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин өкмөттү жетектеген Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын жүргөн жери тууралуу так маалыматтар жок. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин активисттери ал Беларуста деп эсептешет.

Үсөнов апрель окуялары боюнча айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: Азаттык