Четверг, 28 марта, 2024
12.1 C
Бишкек

Ысык-Көлгө «Караван» аллеясы курулат

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына «Караван» аталышындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда агенттиктин Жети-Өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан курулуштун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Белгиленгендей, аталган аллеяда кыргыздын улуттук зер буюмдарын (сувенир) жана башка кол эмгектерин сатуу үчүн жайлар каралган.

Андан тышкары, аллея тургундар үчүн сейилдөөчү жай, эс алуу үчүн бир нече боз үйлөрдү жана унаа токтотуучу жайды камтыйт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар