Кочкордо окуучулар арасында суицидди алдын алуу боюнча жыйын өттү

Нарын облусунун Кочкор райондук хатибияты Кочкор районунун Ак-Талаа айылынын А.Абдыкеримов атындагы жана Орток айылынын А.Жалпатеков атындагы орто мектептеринде «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мектеп окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, жыйынга Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев жана Кочкор райондук ИИБнин ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышып, ата-энелерге кылмыштуулуктун, суициддин жана рекетчиликтин алдын алуу боюнча бир катар маалыматтарды айтышты. Ошондой эле аларды алдын алууда ата-энелер балдар менен иштөөсү, алардын коомдук иштердеги активдүүлүгү жана айлана-чөйрөдөн алып жаткан маалыматтары боюнча иш алып баруусу керек экендиги айтылды.

“Ата-эне баланын өз өмүрүн кыюсуна жол бербөө үчүн алардын сезимдери менен эсептешүүлөрү керек”,-деди Жеңишбек Арзымкожоев.

Муну менен катар Кочкор районунун баш имам-хатиби ата-энелер балдарга кылмыштын зыяндуулугун түшүндүрүп, аларга ар дайым көңүл бөлүүсү зарыл экендигин, ал эми түнт балдар болсо, алардын оюн угууга аракет кылып, сезимдерин түшүнүү керек экендигин баса белгиледи.

Булак: Кабар