«Ислам мамлекетинин» башчысы АКШнын Сириядагы аскер базасында кармалып турат

Америкалык аскерийлер «Ислам мамлекетинин» башчысы Абу Бакр аль-Багдадини колго түшүрүп, аны азыр АКШнын Сириядагы аскер базасында кармап турат. Бул туурасында РИА Новости түркиялык Yeni Şafak гезитине шилтеме берип кабарлады.

Басылма Аль-Багдади Иракта кармалып, алгач Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-эль-Айн шаарында аскерий базасына, андан соң Эль-Хасака шаарындагы жайга алып келингендигин жазды.

«Ислам мамлекетинин» башчысы менен кошо топтун жети командири колго түшүрүлүп, анын бирин Ирактын жараны өлтүрүп салган», — деп жазды гезит.

Июнь айынын ортосунда Россиянын Коргоо министрлиги Ракка шаарынын жанында аль-Багдадинин аба космостук күчтөрдүн 28-майдагы соккусунан жок кылынды деген маалыматты текшерген. Кийинчерээк Пентагон анын тирүү экендигин кабарлаган.

Аль-Багдади (Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри — ред.) коомчулукка 2014-жылдын июль айында Мосул шаарын басып алып, Жакынкы Чыгышта «ислам халифатын» орнотом деп жар салгандан тартып чыга баштаган. Андан бери Аль-Багдадинин жок кылынгандыгы тууралуу басылма беттеринде бир нече ирет маалымат чыгып, бирок тастыкталган эмес.

Булак: Спутник