ЭЛТР телеканалынын алып баруучусу Айбек АСАНБЕК уулу: Бирдиктүү команда бороонду күндөрдү да бирге жеңет»

Маектеш туурасында

Айбек Асанбек уулу Нарын шаарында төрөлүп, Жумгал районундагы Кайырма орто мектебин артыкчылык менен бүтүргөн. Опера жана ба-лет театрынын алдындагы өнөр окуу жайында билим алып, СССРдин эл артисти Артык Мырзабаевден сабак алат. Ал эми радиодо Тамара Алсеитованын мектебин бүтүргөн. 2007-жылы ЭЛТР телеканалына кирип, “Кутман таң”, “Чак түш” көрсөтүүлөрүн алып барат. Учурда “Мени издесең ырларымдан табасың” аттуу музыкалык көрсөтүүнүн алып баруучусу. Каарманыбыз музыкалык ар кандай иш-чаралардын, концерттердин алып баруучусу катары да белгилүү.

Талбаган эмгек, татыктуу жыйынтык

– ЭЛТР өз алдынча мамлекеттик телеканал болгондон бери жыл сайын өз ишинде көптөгөн өзгөрүүлөрдү камтып жатат. Башкы директорубуз Айбек Ырсалиевичтин демилгеси менен быйыл дагы бир катар масштабдуу иш-чаралардын болуусу күтүлүүдө. Заман талабына ылайык жаңыча ыкмада иштөө үчүн ЭЛТРде бардык шарттар каралган. Материалдык-техникалык мүмкүнчүлүгүбүз күн санап жаңы техникалык каражаттар менен толукталууда. Натыйжада, спутник аркылуу бир топ мамлекеттерге үнүбүз жетип отурат.

Быйылкы жылы ЭЛТР телеканалында бир топ жакшы иштер аткарылды. Мен эмгектенген маданият бөлүмүндө көптөгөн өзгөрүүлөр, жетишкендиктер орун алууда. Алсак, “Өчпөс ысым”, “Зоболо”, “Таберик”, “Мени издесең ырларымдан табасың”, “Поэзия кайрыктары”, “Чак түш”, “Кутман таң” өңдүү  бир  катар  көрсөтүүлөрүбүз  калың элдин катмарына жетип, көрүүчүлөр тарабынан жакшы баага татып келет. Мындай ийгилик  үчүн  көшөгө  артында  көпчүлүк билбеген көп эмгек жаткандыгын айткым келет.

Ар кандай учурлар кездешет. Кандай болсо да, бир тилекти көздөгөн бирдиктүү команда бороонду күндөрдү да бирге жеңет.

Алга карай сүрөгөн күч

– ЭЛТР телеканалында эмгектенип ке-ле жатканыма он жылдын жүзү болду. Уба-кыт өткөн сайын иш ыргагындагы айыр-мачылыкты сезесиң. Күндө изденип, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ боло тургандай мыкты теле берүүлөрдү даярдоого басым жасайбыз. Учурда “Мени издесең, ырларымдан табасың” аттуу музыкалык көрсөтүүнү эфирге алып чыгуудамын. Мен маданият бөлүмүндө эм-гектенгендиктен көбүнчө акын-жазуучулар, обончу-аткаруучулар, кыскасы өнөр адам-дары менен иштешем. Алар менен эфирде баарлашуудан өзүнчө бир ырахат алам, башка бир кооз дүйнөгө сапар алгандай жыргап калам. Алардын жакшылыгы, ийгилиги менен бөлүшүп, ыраазычылыгын, ак батасын угам. Бул менин ишиме, далалатыма чоң күч-кубат берип, алга карай сүрөп турат.

Сүйгөн кесип аркылуу тапкан сыймык

– Мектепте окуп жүргөндө эле бала кездеги кыялымда эмнегедир актёр болгум келип, сахнада роль аткарууну самачумун. Айылга театрдын артисттери гастролго келсе, маданият үйүнө биринчилерден болуп барар элем. Максатым орундалып, бала кезден дегдеген кыялым аткарылды. Башында жакындарым бул кесипти тандоомо каршы болгон. Бирок, талбаган эмгектин артынан ийгиликке жетип жатканыма сүйүктүү апам баш болуп, бир туугандарым да абдан ыраазы. Сүйгөн кесибим аркылуу сыймык таптым жана таланттуу кесиптештерди, мыкты досторду жолуктурдум. Эң башкысы, бул кесиптин аркасында өмүрлүк жубайыма кезиктим.

Жөнөкөйлүктүн барк-баасы

– “Кечиримдүү жана жөнөкөй болсоң, душманың да сага душман экенине өкүнөт” деген ойду угуп, баа бергем. Чынында, адамды эки нерсе гана картайтпайт экен. Ал – шайыр жана кечиримдүү мүнөз деп ойлойм. Мен шайыр, ачык-айрым сапаттарды карманам. Таарынсам да, тез эле жазылам. Иш үстүндө же кандайдыр бир жагдайда тоскоолдуктар орун алса, ага көп деле капа боло бербейм. Кээ бир адамдардын ичи тардыгы, көрө албастыгы тескерисинче мени чыйралтат…

Жазып алган Адели БЕРДИБАЕВА