19-декабрга карата аба ырайы

19-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Таласта өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -8…-13;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -5…-7, күндүз +4…+6.

Булак: Кыргызгидромет