Кара-Суу дарыясынан куткаруучулар кемпирдин сөөгүн алып чыгышты

Кара-Көл шаарынын аймагына жакын жердеги Кара-Суу дарыясына түшүп кетип, улгайган аял каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

«Кечээ, 18-декабрь күнү түшкө жуук ӨКМдин төрт куткаруучусу Кара-Суу дарыясынан болжол менен 70 жаш чамасындагы кемпирдин сөөгүн алып чыгышты», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: Спутник