Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Анда деле ошондой болду. Дүрайымдын көзүнө  Күнайым  башын  көтөрүп, жигитти мойнуна бекем кучактап алгандай көрүндү.

Жигит да ансайын кызды бооруна басып, жанына – жанынын, жүрөгүнө – жүрөгүнүн жылуулугун, сүйүүсүн өткөрө тирилтип алып жаткандай эле.

Жан дүйнөсү сызгырылып, жалгызсырап кетти.

Ал түгүл жасаган ишине болгон: “Жөн эле койбой! Мени кайсы кара теке сүздү?!” – деген өкүнүч, өксүк бир “жылт!” – этип, каны-жанында, акыл-сезиминде ойгоно калып, кайра бирок жок болуп кетти. “Эми булар мени өлтүрүшөбү же жалгыз таштап кетишеби?!” – деген муздак, коркунучтуу бир сезим дене-син “дирт” эттирип, эми эле шалдайып турган денесин “тирилтип”, чыйралтып жиберди.

– Жок, жок!.. Антпе? – деп жан дүйнөсүндө тыбырчылаган кыз Күнайымды бекем кучактаган калыбында ыргалып отурган Зумураттан өтүнүп да, өктөм да шыбырады. –Антпе?! Ал сени сүйбөйт. Ал сени да, мени да жек көрөт. Ал болбосо жер жарылбайт эле, бул азапка кабылбайт элек! Тирилтпе аны, Зумурат? Токто!”

Ушунун баарына Күнайымдын күнөөлүү экенин ал Зумуратка буга чейин да далай жолу айткан. А бирок эле жигиттин көзү тумандап, такыр эле уккусу келбей, укса да унчукпай койбодубу.

Жигит артында акырын “шырп-шырп” этип, жакындап келе жаткан дабышты тыңшап, демин ичине катты. Ошону сезген кыз да бурула каччудай же өзүн коргош үчүн акараат кылуучудай сак болчу. Бирок ал күткөндөй Зумурат ордунан тура калган жок. Тек гана, Дүрайым жакын келип, токтогондо гана ошо отурган калыбында коңур,токтоо, үшкүрүккө толгон күйүттүү, коймаарек үн менен:

– Күтөм дебеди беле? – деди.

Анын добушунан улам Дүрайымдын жаны жай ала түштү. Денесин солкулдата терең дем алып алды. “О, Кудай! – деди ичинде. – Менден көргөн жок. Өзүн-өзү өлтүргөнүнө ишенген экен…”

Өзүнүн акылына өзү ыраазы болуп, жи-гиттин жанында жаткан канжарды карады.

– Айтчы, ушундай кантип болсун?! – де-ди жигит, кудум Күнайым менен сүйлөшүп, ага таарынгандай.

– Билбейм, – деди Дүрайым. – Кандай-ча ушундай болуп кеткенин мен да билбей калдым.

– Мен келем дедим эле го?! Баары жакшы болот дебедик беле?!

– Ал бизди алдаптыр…

Жигит бурулуп карады.

– Сага дары чөп тууралуу жөн эле айтып койгонун айтты. Анткени, сенин бу жерде болбогонуңду каалаптыр… “Ал мен үчүн жан-дили менен кызмат кылып жатат. Бирок ал баары бир мен үчүн – душман. Эгерде минтип жатып калбаганымда, мен андан баары үчүн өч алат болчумун. Өз колум менен кый-ноого салып, көксөөмдү суутар элем”, – деди.

– Анан?

– “Ичер суумдун бүгүн бүтөрүн бала ке-зимден билчүмүн. Ошондуктан, менин өлүп калсам кейибей, жакшылыкка жоругула”, – деди. Экөөбүздүн бу жерден аман-эсен чыгып кетишибизди, өлгүчө бир болушубузду кааларын, биздин тагдырыбызга бир болуу жазылганын айтты. Анан да, өлгөндөн кийин денесин муздатпай, дароо топурак менен жаап коюшумду суранды.

– Канжарды кайдан алды? – мунун баарына ишенип отурганы, ишенбей отурганы белгисиз, жанагыдай эле бир калыпта үн катып, Дүрайымдын ичин аңтарып-теңтерип, баарын көрүп-билип жаткандай көзүнүн төбөсүнөн башкача сырдуу, сүрдүү тиктеди жигит.

Дүрайымдын денесинен чыпылдап, муз-дак тер чыгып кетти.

Күнайым  ооруп  жыгылган  он  күндүн ичинде Зумурат аны баладай карап, кээде бели талыды деп бир топко чейин көтөрүп, ары-бери басып жүрүп, анан жаткырчу. Алды жумшак болсун деп топуракты колу ме-нен майдалап турар эле. Ал түгүл Дүрайымга ишенбей чачын да өзү тарап, бети-колун, буттарын өзү жууп, ороп-чулгап аяр карачу. Ошондуктан Күнайымдын жанында, колунда бул канжардын кайдан пайда болгону ага табышмак эле.

– А… – кыз кепке какай түштү кыз. – Аны мен кайдан билейин? Мен булакка кеткем… Келсем эле…

– Булакка? Эмнеге?

Жигит кетеринде жоокерлерден калган көөкөр, чөйчөктөрдүн баарына суу толтуруп, тизип берип кеткен болчу.

Булардан анча алыс эмес жерде, жардын түбүндө тизилген идиштерди бир карап алып:

– Ал мени… – деп жалтаңдаган кыз андан ары шыр кетти, – Ал атайылап эле бул жерден кетип калсын десе керек. Жанын кыйганга кезде карышылык кылышымды каалабаса керек. “Эски суудан көңүлүм айнып жатат, таза суу алып келип берчи,” – деп жиберди. Бирок жолдон жүрөгүм бир нерсени сезгендей болуп, кайра чуркап келдим. Келсем эле…

“Калганын өзүң көрүп турбайсыңбы”, – дегендей, унчукпай калды Дүрайым.

Жигит андан ары эч нерсе сураган жок.

Кыз да унчуккан жок.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.