Тер жана кан менен келген каражат

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


ТИМнин маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп, жашап жаткан мигранттардын саны 700 миңдин тегерегинде. Алардын ичинен Россияда 630 миң, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Италияда 5,5 миң, Кореяда 5 миң, Германияда 5 миң, БАЭ 3 миң, Улуу Британияда 2 миң. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча, чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашык экени айтылып келет. Ушул тышта иштеп жүргөн мигранттардын өлкөгө которгон акчалары Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызына барабар. Улуттук банктын билдирген маалыматына ылайык, жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар мекенине которгон акча эки миллиард доллардан ашты. Бул сумма 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 423 миллион долларга көп. Чынында мигранттар которгон акча жарандардын социалдык муктаждыгын, жашоо-турмушун жакшыртып алууга шарт түзүп, мамлекеттик казынага бир кыйла жардам берип жатканы менен америкалык ойчул Ральф Уолдо Эмерсон “иногда деньги обходятся нам слишком дорого” деп айтканы бар. Анын сыңарындай, бул каражаттар кандай кыйынчылыктар менен табылып жатканын эске алышыбыз керек.

Жабыр тарткан жүргүнчүлөр жана жүзү куругур “жүк – 200”

Акыркы мезгилде Россияда кыргыз-стандыктардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүп жатканы маалымдалат. Маселен, январда Саратов облусунда жол кырсыгында жети борбор азиялык мигрант каза тапкан, алардын төртөө кыргызстандык болгон. Ошондой эле кырсык апрель айында катталып, 18 мигрант жабыркаса, алардын төртөө кыргызстандык.

8-августта Оренбург облусунда автоунаа менен микроавтобустун кагылышуусунан Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары жабыр тартышкан. Бардыгы Казакстанга миграциялык картаны жаңылатууга баратканы белгилүү болду. 26-августта М-5 Урал автотрассасындагы жол кырсыгында бир адам каза таап, бешөө жабыр тарткан.

Ал эми сентябрдын башында Сызрань-Саратов-Волгоград трассасында жол кырсыгы катталып, Кыргызстандан Россияга ишке келе жаткан тогуз кыргызстандык жабыр тарткан.

Жол кырсыгынан тышкары мигранттарды өндүрүштүк кырсыктардан жабыр тартып, ал тургай өмүрү менен кош айтышып калган учурлар кездешет. 2016-жылы Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн улам 17 адам каза таап, алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер болуп, калкыбыз кан жутуп отуруп калган окуя али эсибизде. Ошондон кийин өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланып, мигранттардын абалын жакшыртуу керек экендиги мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн. Анткен менен 2017-жылдын январь-август айларынын ичинде бир гана Москва жана Москва облусунан каза болгон 122 кыргызстандыктын сөөгү Мекенине жөнөтүлгөн. Алардын көбү жол кырсыгынан жана оору-сыркоодон каза тапса, сегиз мигрант киши колдуу болгон. Жарымынан көбүнүн өлүмүнүн себептери атайын экспертиза жүргүзүүнү талап кылгандыктан, аягына чейин аныкталбай калган.

Ал  эми  Кыргызстандын  Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, Түркиядан жыл сайын Кыргызстанга орто эсеп менен 15тей «жүк – 200» жөнөтүлөт. 2017-жылдын башынан бери аталган өлкөдөн 12 кыргызстандыктын сөөгү келген.

Укугу корголбогон мигранттар

Ушул жылдын 27-ноябрында Москва-дан Гүлбарчын Дооранованы белгисиз айдоочу сүзүп кеткен. Натыйжада ал эки апта Москвадагы Н.И.Пирогов атындагы 1-ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатып, жакында эле эсине келген.

Дооранованын  туугандары  полицияга арыз менен кайрылышкан. Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Мирбек Токтошевдин билдирүүсүндө, Дооранованын иши элчиликтин көзөмөлүндө. Анын айтымында Дооранова өзү көргөзмө бергенден кийин гана кылмыш иши ачылат.

Россияда мыйзам чегинде юридикалык дарекке миграциялык каттоого турууга уруксат берилген, бирок мигрант ошол жерде гана жашоого тийиш. Мигрант башка жакка көчүп кетип, каттоо дарегин которбосо, бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Мындай жарандар депортациядан коркуп, же абакка кабылып калуудан коркуп юридикалык жардамга кайрылышпайт. Маселен, Таалайбек уулу Токтогул байкеси курулушта иштегенин айтат. Анын айтымында байкесинин үстүнө цемент түшүп кетип, ооруканада оор операциялардан кийин жакшы болуп калыптыр. Токтогулдун айтымында эч кандай кепилдик төлөм, юридикалык материалдык жардам сурашкан эмес. Себеби, катталган жери менен жашаган жери эки башка болгон. Натыйжада дос, туугандардан каражат жыйнап байкесине операция кылдырышкан.

Расмий өздүк документи жок адамдар, чоочун паспорт менен иштегендер, ортомчулар аркылуу мыйзамсыз миграциялык каттоого тургандар, дагы бир жоон тобу бири-бирине кайчы келген орус мыйзамдарынан жапа чеккен мигранттар көп. Алар полицияга кармалып калган учурларда убактылуу камоочу жайларда же атайын кабылдагычтарда депортацияга чейин кармалат. Алардын убактылуу жайда кармалып турганда укуктары одоно бузула турганы мигранттар тарабынан байма-бай айтылып келет. Мисалы өткөн жумада бир топ кыргызстандык мигранттар Москвадагы Сахарово борборунда көргөн зордук-зомбулук жөнүндө айтып кайрылышкан. Алар полиция тарабынан ур-токмокко кабылып, кыйноолорго туш болгонун айтышкан.

Россиянын Федералдык миграция кызматы былтыр өзүнчө мекеме катары жоюлуп, миграцияга көзөмөл Ички иштер министрлигине өткөрүлгөн. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Россияда 10 милли-ондон ашуун чет өлкөлүк мигрант бар болсо, алардын 2,6 миллиону мыйзамсыз иштегендер. Ошондой эле 2 миллионго чукул чет өлкөлүк жаранга миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Россияга кирүүгө тыюу салынган.

2017-жылдын он айында ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө, өзгөчө Россияга агылган кыргызстандыктар көбөйгөн. Кара тизмедеги кыргыз жарандарынын саны өткөн жылдын ноябрында 118 миң болсо, быйылкы жылдын ноябрында 83 миңге азайган.

ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдүн ичинен кыргызстандыктар көп каттаган өлкө бул Түркия. Аталган мамлекеттин Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө бир миллионго жакын чет өлкөлүк мигрант эмгектенет. Бул өлкөдө мигранттардын саны боюнча сириялыктардан, грузиндерден жана түркмөндөрдөн кийин эле кыргызстандыктар турат. Расмий катталган кыргыз жарандарынын саны 19 миңден ашуун. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар мындан алда канча көп экени айтылат. Түрк жергесине үй кызматтарына жана кара жумушка келген мигранттар мыйзамсыз же туристтик виза менен келип, иштеп калышат. Мындай шартта эмгектенген мигранттар кырсыкка кабылып же ооруп калса, эч кандай укуктук колдоо ала алышпайт.

Мигранттардын укугун коргоо маселеси мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп келет. Маселен  кыргыз  өкмөтү  мигранттардын укугун коргоо үчүн келерки жылга 27 млн. сом бөлүп жатканын Мамлекеттик миграция кызматы билдирди. Бирок парламенттин айрым депутаттары мигранттардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жатканын белгилешти.

Запкы жеген балдар, текке кеткен акчалар

Акыркы учурда коомчулукта көп кездешип жаткан зордук-зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгүнүн атасы, же энеси, же экөө тең тышка иштеп кеткендер болуп чыгууда. Балдар тууган-туушкандарынын колунда калып, ар кандай зордук-зомбулукка кабылып, психологиялык жактан жабыр тартып жатканы белгиленип келет.

Өкүнүчтүүсү, ошол эле мигранттар акча ошол балдардын билим алуусуна, же кандайдыр келечектүү ишке инвестиция катары салынбастан, той-топурларга короп кетип жатканы…