«Пирамида» каналынын жетекчиси кызматтан кетүүгө арыз жазды
«Пирамида» телеканалынын жетекчиси Нурзада Токтогулова кызматтан кетүү боюнча 18-декабрда арыз жазды. Бул тууралуу ал себебин коомчулукка жарыялоону каалабай турганын белгиледи.
Каналдын жетекчисинин орун басары Аскат Алагөзов Токтогулованын арызы боюнча азырынча чечим кабыл алына электигин айтты:
— Биздин каналга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. Азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек.
Кыргызстанда туңгуч эркин телеканал катары таанылган «Пирамида» мурдагы бийликтердин тушунда колдон-колго өтүп келсе, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин улутташтырылган.
2016-жылдын февралында парламенттин, башка бийлик бутактарынын, мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал болгон.