Спикер Дастанбек Жумабеков Өзбекстанга барат

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган кыргызстандык делегация 20-декабрда расмий иш сапар менен Ташкент шаарына барат.

Сапар алкагында Жумабеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев жана Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмаилов менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, делегация “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деп аталган туруктуу экспозицияга барып, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюу иш-чарасына да катышат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, төраганын расмий иш сапары Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин атайын чакыруусу боюнча уюштурулууда.

Булак: Азаттык