НТС каналынын жагдайы боюнча Өмүрбек Бабанов жана Сот департаменти үн катты

Сот департаменти маалымат таратып, НТС каналынын тегерегиндеги кечээ кечиндеги жагдай туурасында айтты. Ал эми бул кырдаал боюнча депутат Өмүрбек Бабанов үн катып, өз пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу Кыргызстандыктарым, Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык — куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат – көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?», — деп жазган Бабанов Facebook баракчасына.

Ал эми Сот департаменти тараткан маалыматында бул жерде басып алуу туурасында эч кандай пикир жаралбашы керектигин, болгону соттун аныктоосу аткарылууда деген.

«НТС каналынын мүлкү камакка алынганы — аны коргоп калуу. Мындай кадам аны башка бирөөлөрдүн пайдаланып кетүүсүнөн сактайт. Аталган соттук актыны аткаруу үчүн келген сот аткаруучулар телеканалдагы мүлктөрдү каттап жана аны жоопкерчилик менен башкарып кете алган тарапка ишенип өткөрүп берүүнү карайт», — деп айтылган таратылган билдирүүдө.

Департаменттин маалыматында НТС телеканалынын жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин сот аткаруучулардын бул кадамы кийинки күнгө, 20-декабрга жылдырылганы айтылган.

Булак: Спутник