Согушка тете автокырсыктардан канткенде арылабыз?

Мурда биздин район боюнча бир жылда эки-үч киши автокырсыкка кабылса абдан чоң окуя катары аңыз болуп жылы бою айтылчу. Чоң жолдон машиналар сейрек каттагандыктан, апалар жана жеңелер асфальтка таар-төшөнчүлөрүн алып чыгып шашпай бир сыйра чаңдан арылта күүйт эле, анан аябай ушакташып, тээ кечке маал, мал келгенде гана арабага жүктөнүп алып үйгө жөнөшчү. Бала кезибизде кышында жолго чыгып кечке хоккей ойногон күндөрүбүз эстен кетпейт…

Акыркы  мезгилде  “Мерседес”,  “Ауди”,  “Хонда”  сыяктуу  автолор  жайнап  келе  баштады. Даңкайган 16-20 дөңгөлөктүү 40-60 тонналык жүк ташыгыч машиналарды – фураларды айтпай эле коёлук. Баягы кенен көрүнгөн жолдорубуз, көчөлөрүбүз бир паста тарый түштү, тыгылышкан машинелер бири-биринин “жүнүн жей” баштады, жолдордун ишпалда-сы чыкты жана толгон-токой проблемалар башталды…

Ошентип, биздин кичинекей өлкөбүздүн атагы дагы чыкты, автоавария жагынан дүйнөдө “биринчи” орунга көтөрүлдү! Абал Фронттогу “информбюродой” болуп канжолдо канча киши курман болгонун, канчасы жарадар болуп ооруканага жатканын күнүгө билдирип жатты. Жолго чыгаарда фронтко бараткандай жүрөгүң түшөт. Кандай кылабыз? Эми өткөн доорго ок-шоп “өкмөт менен партиянын” оозун карап оту-ра беребизби? Келгиле, бул ”согушка” каршы тез арада кеңири масштабдагы элдик күрөштү баштайлык! Аз да болсо ар бир жаран, атуул өз көмөгүн көрсөтсүн. Ар ким өз оюн, сунушун  айтсын.  Алгач  эмнеден баштасак?

Өзүбүздөн баштайлык

Албетте, алгач айдоочулук күбөлүктү сатып алгандарга кайры-лаар элем. Сураныч: жолдо жүрүүнүн эрежелерин (ЖЖЭ) окугула! Интернеттен,  китептен,  ДВД дисктен ж.б. булактардан окуп жаттагыла. Убакыт таап өз алдыңарча окуп-үйрөнгүлө. Сабатыңарды жойгула. Эски машинеси барлар автонун техникалык  абалына  көз  салгыла. Андан көрө жөө баскан жакшыдыр,  же  коомдук  унаага  отуралык.  Муну  менен  өзүңөрдүн жана башкалардын өмүрүн сактап каласыңар го деп ойлойм. Тарбия көргөн инсан бололук. Айдоочулар бири-бирин урматташ керек. Жол жүрүүдө сөгүнбөй-кагынбай аң-сезимдүүлүктү, чыдамдуулукту көрсөтөлүк. Балдарыбызга жана кичүүлөргө үлгү бололук. Ичип алып автоунааны башкарбайлык жана башкаларды да ошого чакыралык.

Бишкек – Сосновка жолу качан бүтөт?

Союз убагында ГДР (Чыгыш Германия) деген социалисттик өлкө болгон. Турист болуп ал мамлекетке барып келиш биздин жаран үчүн чоң жетишкендик эле. Барып келгендер алардын жашоо-сун, көчө-жолдорунун тазалыгын, кеңдигин, тегиздигин, түздүгүн аңыз кылып айта беришээр эле. Капиталисттик ФРГ (Батыш Германия) биздин – улуу державанын биринчи жана акыркы президенти М.Горбачевдун жардамы аркылуу ГДР менен бириккенин жакшы билебиз. Ошондо немистер кайра курууну эмнеден баштады дебейсизби: баягы бизге үлгүлүү көрүнгөн ГДРдин жолдорун жана көчөлөрүн кеңейтүүдөн жана сапаттуу оңдоодон баштаган. Өнөр жайды, экономиканы өнүктүрүш үчүн автожолдор мамлекетте күрөө тамырларга тете. Алар идеалдуу болуш керектигин “чирип бараткан империалисттер” (бизди ушинтип окутушкан) абдан жакшы билген жана түшүнгөн.

Биз да түшүнүп жаткандайбыз. Ооба, каражат бөлүп жатабыз, бирок жетишсиз. Мисалга, Бишкектин түштүк тарабына жаңы бүгүнкү талапка жооп берген автовокзал салынса, анан ошол жаңы Түштүк автовокзалынан Сосновка айылына чейин жаңы трасса курулуп, Бишкек–Ош жолуна кошулса, Бишкек – Кара-Балта жолу тыгындардан арылмак жана башка да көптөгөн көйгөйлөр чечилмек.

“Май-талкандуу” мектептер

Ар бир автомектептин колдоочусу тээ жогору жакта отурат, алар таасирдүү, өтө чоң чиновниктер. Ошондуктан президенттин же өкмөт башчынын колдоосу менен алгач алардын чыныгы ээлери ким экендиги аныкталып, элге маалымдалсын. Окутуунун жана үйрөтүүнүн сапаты текшерилсин. Ал үчүн шарттар барбы? Атайын кабинеттер, класстар, автодром барбы, техникалык каражаттардын абалдары кандай? Окуткан мугалимдердин билим деңгээли туура келеби? Абдан дыкаттык менен текшерилсе. Анан, албетте, экзамендерди борборлоштуруу керек. Кантип? ЖЖЭни кадим-ки мектеп окуучулары ОРТ тапшыргандай кылуу керек. Мына ошондо гана бул системадагы коррупциядан ары-лабыз. Окутуу үч айга эмес, алты-жети айга, атүгүл биржылга узартылса. Айдоочуга убактылуу күбөлүк берилет. Эгерде ал үч жылдын ичинде ЖЖЭни бузбаса гана чыныгы күбөлүк салтанаттуу тапшырылат. Үч жыл бою машинесине “Ү” деген (үйрөнчүк) белгини арткы жана астыңкы айнегине тагып жүргөнгө милдеттүү. Себеби, башка айдоочулар “Ү” белгисин көргөндө этияттап айдаарын жакшы билебиз.

Автомашинаны айдаганды бала бакчадан баштап окутсакпы?

Албетте, бала-бакчадан баштап айдаганды үйрөтүү эрте дечи, бирок жолдо жүрүүнүн эрежелерин окутуу кеч эмес. Албетте, эң жөнөкөйүнөн баштоо керек. Мисалга, жолдон өтүп баратканда биринчи солго, анан оңго кароо керектигин, светофордун функциясын ж.б. Андан ары окутуу мектепке барганда улантылат. Сегизинчи класстан тартып жол белгилери жана автонун түзүлүшү тереңдетилип окутулат. Тогузунчу класс-тан баштап практика түрүндө автоайдоо үйрөтүлүп, эки-үч жылдан соң экзамен тапшырат. 11-класстын аягында ар бир окуучу ЖЖЭ боюнча ОРТ тапшырган соң “Ү” үйрөнчүк деген убактылуу (үч жылга) күбөлүккө ээ болот. Ошентип акырындап автомектептер иргелип, аягында оор жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу авто-унааларды окуп-үйрөткөн чоң базалары бар ишенимдүү автомектептер гана калат. Муну менен күбөлүктү жең ичинен сатып алуучулар азаят, айдоочулардын билим деңгээли, тажрыйбасы жана жоопкерчилиги жогорулайт. Акырындап бул тармакта коррупция деген балээ акырындап таптакыр жоюлат. Учурда болсо автоунаасы барлардын автомектепке барып окуганга убактылары да жок, же окугулары да келбейт. Андан көрө 9-10 миң сом берип күбөлүктү сатып алганды туура көрүшөт. Экинчиден, автомектептеги окутуучулар да кошумча жакшы акча тапкысы келет. Айрыкча айрым алкымы чоң мектептин ээси жана жетекчиси. Алардын негизги максаты ошол эмеспи?

Оң рулдуу автоунаалар кимге керек?

Албетте, сатуучулар менен алардын жогору жакта отурган “крышаларына” керек. Ошол себептен бул маселе ушул убакка дейре чечилбей келет. Бул жерде өтө чоң акчалар айланып жүрөт. Мамлекетти башкаргандардын да алы жетпей жатат окшойт. Ошондуктан “оңдор” келип жатат жана келе берет. Мүмкүн, жаңы ажобуз катуу киришсе, бул проблема да оң жакка чечилип калышы ыктымал. Ал эми ошол оң рулдуу машиналар менен оокат кылып, үй бүлөсүн баккандар кантет? Менимче, акырындап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эки жакка тең зыян апкелбеген варианттар сунуш кылынса. Маселен, алардын автолорун мамлекет сатып алса, же ордуна сол рулдуу авто сунуш кылынса. Ал үчүн Кытай, Япония, Түштүк Корея ж.б. менен сүйлөшүп, көп жылдык насыя менен сол рулдуу кымбат эмес ма-шиналар алып келинсе.

Мына ушул сыяктуу жолдорду издеш керек, варианттарды караштыруу керек. Ал эми оң рулдуу автоунаалар кызмат машина катары бюджеттик мекемелерге таратылса. Албетте, такси катары колдонууга уруксат  берилбейт. Кийин техникалык абалына ка-рап  эскирген  автолорду  комиссия  тарабынан “списать”  этүү  оңойго турмак.

Зыяндуу түтүндөн кантип арылабыз?

Өлкөбүздө жыл өткөн сайын машиналардын  саны  геометриялык  прогрессия  менен көбөйүүдө. Бул жагынан да дүйнөдө алдыңкы орунга чыгат окшойбуз. Илгерки жашыл калаабыз түтүн баскан көгүлтүр шаарга айланды. Бул жагын кантебиз? Башкалардын тажрыйбаларына карасак, бир убакта ыштан дем алалбай калышкан Сингапур менен Бээжинде автомашиналардын номурунда жазылган акыркы санга карата кезек менен так же жуп күндөрү гана көчөгө айдоого уруксат берилет. Ошентип заматта автолордун санын эки эсе азайтылган. Ошол эле убакта шаардыктарды ташыган коомдук унаалардын саны көбөйтүлгөн. Карапайым элге окшоп мамлекеттик кызматкерлер да велосипед минип кызматка баруусу адатка айланган. Ал эми жекшемби күндөрү көчөдөн электромобиль менен трамвай-троллейбустан тышкары бир да күйүүчү май менен иштеген автолорду көрбөйсүң. Мында метро поезддеринин санын да сапатын да жогорулатышкан.

Эми биз кантебиз? Алгач эски автоунаалардан арылалык. Автокырсыктардын бир тобу да ошолордун айынан. Он жылдан ашкан “картаң” автолор киргизилбейт. Алардын жашына карап жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша салыкты көбөйтүү керек. Ошондо эски автоунааларды эч ким сатып албайт, олчойгон обу жок жол тандабасты да алаарда айдоочу аябай ойлонсо керек.

Акылдуу жол чырактар жана видеокамералар

Видеокамералар керек экендигин баары билет, какшап айтып эле жатышат, бирок Крыловдун тамсилиндеги “араба” дагы эле ордунан жыла элек. ИИМдегилер кайра-кайра “аты-жөнүн” алмаштырып “реформа” кылып, сапатсыз санын көбөйтүшүүдө. Себеби түшүнүктүү да, бул “чоң акырдан” жем жегендер жетиштүү санда. Жакында машина айдап келатсам жол патрулу токтотту. “Сиз кош сызыкты тебелеп кеттиңиз! Миң сом төлөйсүз”, – деди. Мен мойнума алган жокмун. Көпкө турдум. Аягында жадады окшойт: “Болуптур, эки жүз сом таштап кете бериңиз”, деди…

Эгерде видеокамера болсо бул окуя ошол замат чечилмек, акча мамлекеттин чөнтөгүнө түшмөк. Бирок, тигилердин “чоң акырына” жем салынбай калмак. Акылдуу светофор болсо жол кесилишиндеги машинелердин санына карап кызыл жана жашыл түстөрдүн күйүү убактысын шартка жараша кыскартмак же узартмак. Чет өлкөлөрдө мындай светофорлор эбактан бери колдону-луп келет. Алар азбы-көппү, жолдогу автоунаалардын тыгындарын азайтканга салым кошмок.

Аваз ЖОКЕЙ