Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленүүдө

Кыргызстанда 20-декабрда Улуттук коопсуздук тармагында иштегендердин күнү белгиленет. Бул дата 2007-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Чекисттердин кесиптик майрамы менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков куттуктап, өлкөдөгү бейпилдикти сактоодо алардын эмгеги зор экенин билдирди.

Эгемендиктин алгачкы жылдары аталган орган Улуттук коопсуздук кызматы, андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети деп аталган.

Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдардан тарта атайын кызматты Герман Кузнецов, Анарбек Бакаев, Валерий Верчагин, Фелик Кулов, Мисир Ашыркулов, Таштемир Айтбаев, Болот Жанузаков, Калык Иманкулов, Мурат Суталинов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Шамил Атаханов, Бейшенбай Жунусов, Бусурманкул Табалдиев башкарган.

УКМКнын азыркы жетекчиси Абдил Сегизбаев.

Булак: Азаттык