Кылым карыткан академик Какиш апа

Бактыгүл МУНДУЗОВА, «Кыргыз Туусу»


Кыргыз медицинасынын түптөлүшүнө зор салым кошкон, Орто Азияда аялдардын арасынан биринчи чыккан хирург-академик Какиш Рыскулова экендигин эч ким тана албайт. Академик 2018-жылы 100 жашка толот. Кыргыз медицинасынын алгачкы негизделген жылдарында, көптөгөн жаңы ыкмаларды ойлоп тапкан, илимий эмгектердин, китептердин автору, уникалдуу операцияларды жасап тарыхта калды. Ушул күнгө чейин анын ыкмалары колдонулуп келет. Какиш апа бүгүн да көзү курч, акыл-эси тунук, кээде колуна китеп алып окуп, өткөн күндөрүн эскерип берет. Какиш Рыскулованын окуучулары азыркы атактуу хирургдар А.Усупбаев, С.Жумабеков, Р.Оморов, министр Т.Батыралиев жана башкалар. Академиктин кызы, балерина Анара Сулейманова апасы тууралуу бизге буларды айтып берди.

– Анара эже, канча бир туугансыздар?

– Апамдын эки эле кызы бар. Улуусу – мен, кичүүсү – Чынар. Апам өзүнүн бир тууган сиңдилеринин эки уулун багып алган, аларды дагы окутту, экөөсү тең врач, бири – стоматолог, бири – гистологиядан мугалим. Алар менен жалпы төрт бир тууганбыз. Ал кездеги турмуштун кыйынчылыгын баарыбыз билебиз, апам баарыбызды жалгыз иштеп чоңойтту. Мен 1946-жылы согуштан кийин төрөлгөм, сиңдим 1949-жылы төрөлгөн.

– Какиш Рыскуловна кечке жумушта жүргөндө, сиздерди ким карачу эле?

– Апамдын сиңдиси Канымжан деген болгон. Бизди ошол Канымжан эжем эле карады, апам болсо жумуштан колу бошогон жок. Кечинде гана жумуштан келгенде көрчүбүз. Апам коомдук жумуштарга дагы активдүү катышчу, Москвага жумуштар менен көп кетчү. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинде 8 жыл иштеди. Ар дайым жумуштан чарчап келчү, келери менен тамагын ичип алып дароо жазуу иштери менен алек болчу. Мен иштейм, тоскоол болбогула дей берет эле, биз да ошол тартипке көнгөнбүз.

Тогуз жашында атасы каза болуп калыптыр. Атасы каза болордо бир тууган иниси Борончуга: «Какишти сөзсүз окуткун», – деп керээз калтырган экен. Кийин агасынын айткан парзын аткарып, таякебиз апамды окутуптур. Биринчи эл агартуучу, атактуу инсан Ишеналы Арабаев апамдын эң жакын таякеси болот. Апам турмуштун кыйынчылыгын атасы каза болгондон кийин көп тарткан экен. Мына ошол кыйынчылыктарынан сабак алып, чыйралып, ушундай деңгээлдеги жетишкендикке ээ болуп отурат.

– Атаңыздар ким болгон, алар эмнеге ажырашып кеттишкенин сурачу белеңер?

– Атам дагы партияда иштеген киши болгон экен. Биз кичинекей кезде апам экөө ажырашып кетишкен. Кийин апам: «Биз эч качан урушкан эмеспиз, бири-бирибизди абдан катуу сүйчүбүз», – дейт. Эми ал темага кайрылбайбыз.

– Кыргыздын чыгаан уулдары менен замандаш болгон экен, кимди көп айтат?

– Ал кезде Ошко жумуштар менен көп жиберчү экен. Өзгөчө Искак Раззаков тууралуу көп айтат, себеби апам Искак Раззаковдун окуучусу. Ал киши ошол заманда аялдарга көбүрөөк колдоо көрсөтүп турганын баары-быз билебиз. Апамдын талантын ачкан дагы ошол Ис-как Раззаков болгон. Ошол кезде да уникалдуу опера-цияларды жасаганын, кээ бир оор операцияларда колу менен кантип тиккенин азыркыга чейин көрсөтүп берет.

1951-жылы өзүнүн кандидаттыгын жактаган, аялдардын арасындагы эң биринчи хирург кандидат болгон. Докторлугун жактагандан кийин коңшу өлкөлөр апамды көп чакырышты. Америкадан сунуш түшкөн. Апам чакыруулардын барынан баш тарткан.

Апамдын тагдыры дагы Искак Раззаковдун тагдырындай десем болот, апам кийин иштебей калганда эч кандай иш-чараларга чакырбай коюшту.

Ушундай залкар инсанды көзүнүн тирүүсүндө эле унутуп коюшканы туура эмес. Мен атын атасам туура эмес болуп калат, жада калса «Какиштин балдары медакадемияда окубашы керек» дегендер болгон. Себеби апамдын өтө чынчыл, ар дайым чындыкты бетке айт-кан, тайманбаган мүнөзүн баары билет, балким ошон-дуктанбы, апамды көрө албагандар көп болду окшойт.

– Сиздерди да медицина жагын тандап окугула дечү беле?

– Албетте, ар дайым айтчу. Сиңдим апамдын жолун улап врач болду, мен болсо балетке кызыгып туруп алдым. Абдрасул Токтомушевдин кызы Медина экөөбүз Ленинградга балет окуу жайына өтүп кеттик. Бирок апам Москвадан келип, мени жөнөтпөй койду. Анткени апам мени мединиститутка окутам деп жүргөн. Ошентип курбум Ленинградда, мен Фрунзеде окуп калдым.

– Какиш Рыскуловага “Кыргыз Республикасынын баатыры” деген жогорку наамды беришсе деп аракет кылып жүрөсүз, ишке ашчудайбы?

– 13 жылдан бери «Баатырлыкты» беребиз деп келе жатышат.

Апамдын 95 жаш юбилейи болордун астында ушул сыйлыкты берүүсү тууралуу тийиштүү жетекчилерге, Президентке чейин кайрылдым. Азыркыга чейин жооп ала элекмин. Ар бир кайрылганда ар кандай шылтоону айтып, биринен-экинчисине өткөрүп жүрүп төрт жыл өттү.

Кээ бир чоңдор мен жазган каттарды, апамдын тапшырган документтерин кайра алдырганга чейин барды. Акырында маркум Темир Жумакадыров документтерди кайра алдыртып, сыйлыкты берүүгө киргизген. Эми беришеби, билбейм.

Кийинки жылы юблейин өткөрөлү деп тийиштүү жерлерге кайрылсак, демөөрчү керек деп жатышат. Ансыз деле пенсиясын чогултуп келе жатабыз, чогулткан пенсиясы китебин чыгарганга жетет.

– Жаш кезин эстейби?

– Эстейт, эч нерсени унуткан эмес, баарын эстеп айтып берет. 9 жашында атасынын каза болгонун, бир  туугандары  Бекиш,  Канымжан  тууралуу  айтып берет. Бир туугандары баары каза болгон. Мынча  жашка  чыгуу  дагы  Жараткандын  бир  жакшылыгы  экен.  Докторлук  ишин  16  жыл  жактай  алган эмес,  себеби  уруксат  бербей,  бут  тосуулар  болгон. Кийин Москвага барып жактап келди. Америкага ке-тип калганда, балким жашоосу башкача болот беле, ким билет…