Алмазбек Атамбаев Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент  Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 16-майда Кытайдын Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев эл аралык кызматташтык боюнча “Бир алкак – бир жол” Форумуна катышууга чакырганы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Президент Кытай Кыргызстандын жакшы кошунасы, өнүгүү боюнча маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин баса белгиледи. Кытайдын бул жылдар ичинде Кыргызстанга берген гранттык, финансылык жана техникалык жардамы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө сезилерлик жардам болду.

Кытай лидери Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча демилгени жүзөгө ашырууга катышуусунун маанисин белгиледи. Ал ошондой эле Кытай мындан ары да кыргыз тараптын керектөөлөрүнө жараша долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен Кыргызстандын экономокасын бекемдөө ишине жардам берүүнү улантаарын белгиледи. Кытай жетекчиси негизги маселелер боюнча эки өлкө бири-бирине колдоо көрсөтүп, стратегиялык өнөктөштүктү активдүү илгерилетип жатканына токтолду.

Сүйлөшүүдо лидерлер кыргыз-кытай фондун түзүүгө, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууга тиешеси бар маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндө, маданий-гуманитардык багытта өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү.