Кинорежиссер Темир БИРНАЗАРОВ: «Ааламды адамгерчилик сактап турат»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жыл аяктап бара жатканда дагы бир кыргыз фильми Эстониядан гран-при утуп келди. Бул жолу белгилүү кинорежиссер, сценарист Темир Бирназаров тарткан “Түнкү кырсык” фильми жыл сайын Таллинде өтүүчү “Караңгы түндөр” аталыштагы эл аралык кинофестивалдан 18 өлкөнүн тасмасын артка калтырды. Кабарчыбыз белгилүү кинорежиссер менен ушул жагдайда маек курган.

–  Темир,  “Түнкү  кырсык” кино тасмасынын сценарийи кандайча жазылып калды?

– Белгилүү сценарист, коомдук ишмер Талип Ибраимовдун “Күкүктүн уясы” деген  аңгемеси  бар.  Талип  аганын  көзүнүн тирүүсүндө мен: “Ушул аңгемеңиздин негизинде кино тартайын, бирок, айрым кошумчаларды киргизип, бир аз өзгөртөм”, – дедим. Бирок, ал киши чыгармасын оңдоого макул болбой туруп алды. Талип аганын көзү өткөндөн кийин анын бардык чыгармаларын кайрадан окуп чыгып, алардын идеясына өзүмдүн да сюжеттеримди киргизип отуруп ушул сценарийди Нурифа Умуралиева экөөбүз жазып чыктык.

– Чоң кинофестивалга абдан жаккан соң көрөрмандарды кинонун сюжети кызыктырары бышык. Ошондон бир аз айтып берсеңиз?

– Башкы каарманыбыз улгайган Тенти көлдүн жээгиндеги эски үйдө жалгыз жашайт. Анын сулуу аялына бир бай адамдын махабаты артылып, үй-бүлөсүн бузуп алып кетет. Ушундан улам ал оор тагдырына кайгырып, аракка берилип кеткен. Утурумдук чыга калган жумуштарды иштеп, кара жанын багып жүргөн болчу. Бир күнү ага тааныш жигиттер келип, пансионаттын дааратканасына чуңкур казып иштеп келүүгө чакырышат. Ал жердеги пансионаттын кожоюну Тентинин аялын алып кеткен адам болуп чыгат. Өмүр бою жа-ман көргөн адамына тагдырдын тамашасы менен ушундай абалда жолукканы үчүн Тентинин жети өмүрү жерге кирип турат. Ошол жерден ал пансионаттын ээсине: “Аа, баягы сен белең?”, – деп, ачуусу кайнайт. Анын аялын алып кеткен адам болсо тигиге: “Ушул кезге чейин өлүп калбай жашап жүрөсүңбү? Сенин аялыңды эле эмес, балдарыңды дагы багып өстүрдүм. Мага нааразы боло турган жайың жок. Эгер үй-бүлөң өзүңдө калганда сага окшоп балдарың жумушсуз жүрмөк”, – дейт. Экөөнүн кайым айтышы башталып кеткенде пансионаттын ээси аларың ушул болсо деп, майда акчаларды Тентини көздөй чачып жиберет.

Ачууга алдырган Тенти мотоциклин ка-туу ылдамдыкта айдап чыгып, тигини атып өлтүрүү үчүн мылтыкка бара жаткан болчу. Түн ичинде келе жатып, жолдун кайрылышынан бейтааныш кызды койдуруп алат. Кыздын башы жарылып, буту сынат. Ошентип ал кызды бир топ күндөр үйүндө багып, дарылап алектене берет. Ал кыздын ошол аймактагы-ларды талап-тоноп, элдин көкөйүнө тийген эки бандит менен ымалалаш болгон жаман таржымалы бар эле. Кыз ошол каракчылык кылган эркектер менен пикири келишпей, экөөнү өлтүрүп, качып келе жаткан болчу. Тенти анын кылмыштуу таржымалын билген эмес. Ошол арада үйүндөгү селкиге карата анын адамга бир жолу келчү таза махабаты ойгонот.

Өз жашоосунда алиги кыздын пайда болушу менен Тентинин ички турмушу жакшы жагына өзгөрө баштайт. Өзүнүн үстү-башын карап, чоң турмушка оптимисттик көз каршы жанданат. Арагын токтотот, үй-чарбасын иретке келтирет.

Тенти аялы менен ажырашканда үйүн бала-чакасына таштап кете берген. Бир күнү анын уулу ошол тамды сатуу үчүн атасынан кол тамга алганы келет. Уулу ал жерде жашап жүргөн кызга көз кырын салып, кызыгып сурайт. Атасы уулуна таарынып: “Менин жашоомду тынч койгулачы”, – деп ачууланат. Баласы ага: “Сенин жашооң жашоо эмес, иттин жашоосу. Сен ит боюнча өлөсүң”, – деп, айтышып алып жолуна түшөт. Бирок, Тентинин уулунун кылмыш жасаган тиги кызга милиция издөө салганынан кабары бар болчу. Ал дароо эле милицияга барып, кыздын жашап жүргөн жерин айтып коёт. Ошондон көп өтпөй милиция аны кармап алып кетет.

Ушул окуядан кийин Тенти жашоодон  биротоло  түңүлүп,  үмүтү өчөт. Бул жалган дүйнөдөн көңүлү кайт болот. Тагдыр ага улгайганда жолуккан сүйүүсүн да ыраа көрбөптүр. Ал тазаланып алып, жакшы көргөн костюмун  кийип,  көл  берметин көздөй бет алат. Таза махабатын бул опоосуз дүйнөгө калтыргысы келбейт. Сүйүүсүн Ысык-Көлдүн тереңине ко-шо алып кетип, атайын барып чөгүп өлөт.

– “Түнкү кырсык” кино тасмасы Таллиндеги кино фестивалдын калыстар тобуна кандай критерийлер менен жагып калды?

– Чынын айтсам гран-прини утуп келерибизди күткөн эмесмин. Фестивалга алып баруу да максатымда  жок  болчу.  Анткени,  ушундай эле тагдыр тууралуу мурда дагы бир фильм тарткам. Мен үчүн бул тема кадыресе эле көрүнгөн. Ал эми комиссияга чыгарманын көркөмдүүлүгү көбүрөөк жакты. Башкы каармандын ролун КР эл артисти, залкар актер агабыз Акылбек Абдыкалыков абдан ийине жеткире ойноду. Тентинин тереңге катылган жан дүйнөсүн тажрыйбалуу актер аңтарып салгандай болду. Анын үстүнө Акылбек аганын жаш курагы баш каармандын жашына туура келип калды. Фестивалдын сынчыл көрөрмандары режиссуралык табылгаларга да баа берип жатышканын жашыра албайм. Кино картинанын табияты ушундай, көркөм адабияттын мүмкүнчүлүгү жетпеген жагдайды чечмелеп берет. Ал эми кыздын ролун Дина Джейкоб аткарды. Жаш актриса жакшы ойноп берди. Анын келечеги дагы алдыда.

– “Түнкү кырсык” фильми үчүн каражатты кайдан таптыңыз?

– Мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн каражатка тартылды. Жалпысынан 5 млн. сом чыгымдалды. Ысык-Көлдүн Тоң районунан тарттык. Музыкасын Асылбек Өзүбеков жазды.