21-декабрга карата аба ырайы

21-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот.. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5,

Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12 градус.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн -2…-4, күндүз +2…+4 градус болот.

Булак: Кыргызгидромет