Ош шаарындагы башкы балаты жанды

Ош шаарындагы башкы балаты бүгүн, 20-декабрда жанды. Ошондой эле аянт жаңы жылдык маанай үчүн кооздолгон.

Калаа мэриясынын буга чейин берген маалыматына ылайык, балатынын эскизин жана шаарды жасалгалоо боюнча жарыяланган конкурста «Старт» жарнама-продюсердик борбору жеңүүчү деп табылган.

Ош шаарын жаңы жылга карата жасалгалоого 900 миң сом коротулат.

Белгилей кетсек, буга чейин 15-декабрда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтына коюлган башкы балаты жандырылган.

Жаңы жылдык балатыны кооздоого мэрия 1 миллион 200 миң сом короткон. Ага сары түстөгү 87 ири курамдар жана андан сырткары кичирээк 150 оймо-чиймелер колдонулган. Ал эми жалпы аянтты жасалгалоого 2 миллион 800 миң сом каралган. Бул акчага жети балаты кооздолуп, чакан эки үйдүн конструкциясы, күйүп-жанып турган 12 торшер жана башка жасалгалар, «2018» санын көрсөткөн инсталляция жасалган. Буга кошумча күйүп-өчүп турган 17 ири инсталляция, бак сымал жаркыраган кооздук жана дагы 10 шар орнотулган. Мунун үстүндөгү түркүн түстүү жарыкка үч мерчемдүү полотного 9 миллион сом сарпталган.

Булак: Спутник