Оштон Москвага күн сайын каттаган авиарейс ачылат

«Аэрофлот» авиакомпаниясы күн сайын учуп турган Москва — Ош — Москва каттамын ишке киргизет. Бул туурасында РФнын Аба транспорту боюнча федералдык агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Каттам 2018-жылдын жай айынан тарта ишке киргизилет. Аталган келишим Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги жана Россиянын жарандык авиация жааты боюнча мамлекеттик саясат департаменти тарабынан түзүлгөн.

Каттамдардын көбөйүшү аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын эки өлкөгө каттоосун жеңилдетүүгө багытталган.

Булак: Спутник