Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына бекитилди

Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Толкунбек Абдыгулов бир добуштан Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. Мындай чечим бүгүн ЖК жыйынында кабыл алынды.

Депутаттар талкуу маалында акча-каржы саясатын жүргүзүүдөгү жана учурдагы экономикалык абал тууралуу маселерди айтышты.

Абдыгулов депататтардын суроолоруна жооп берди.

Эске сала кетсек, Абдыгулов Улуттук банкты 2014-2017-жылдары жетектеген. 2017-жылдын август айынан тарта биринчи вице-премьер-министр болуп, эки ай өткөн соң вице-премьер болгон.

Булак: Кабар