Жакыпбек АБДЫЛДАЕВ, акын: «Роза гүлү – ойноп турган жашты эмес, Ооруп турган жанды өзүнө чакырган…»

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Акын, сатирик, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Жакыпбек АБДЫЛДАЕВ – 70 жашта. Ал Чернобыль АЭСинде болгон кырсыктын кесепетин жоюу иштеринин катышуучусу, «Жоокердик каармандыгы үчүн» юбилейлик медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. ВЦСПСтин «Ардактуу кенчи» наамынын лауреаты. Сокулук районуна караштуу Жал айылында 1948-жылы 2-январда туулган. 1966-жылы Фрунзедеги № 5-орто мектепти бүтүрүп, Советтик Армиянын катарында милдет өтөп келген соң КыргызТАГда корректор, В.И.Ленин атындагы заводдо жыгач уста, 1973–1993-жылдары Кемин районунун Ак-Түз кен башкармалыгында жардыруучу болуп иштеген. Кийин Макмалалтын» кен комбинатына которулуп, ушул мегзилге чейин эмгектенип келет. Анын алгачкы ыры «Жаз күндөрү» деген ат менен «Ленинчил жаш» гезитине 1966-жылы жарыяланган. Биринчи китеби 1973-жылы «Сагыныч» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. Эки обондуу ыры радионун алтын фондунда сакталып калган.

– Жакыпбек ага, сиз 70-жылдары поэзия жана сатира окурмандарына абдан таанымал акын болуп калган экенсиз. Бирок андан кийин эмне үчүн чыгармачыл чөйрөдөн алыстап, өмүр бою өндүрүш тармагында иштеп калдыңыз?

– Бала кезден музыкага шыктуу болчумун. Ыр-хор ийримине катышып, комуз чертип, ырдап, интермедияларды аткарар элек. Кароо-сынакта өзүмдүн “Коштошкондо” деген обонум орус драма театрынын сахнасында жыйынтыктоочу концертте ырдалган. Анда мен он тогуз жашта элем.

Ал эми адабиятка болгон кызыгуум №5 мектепке келгенден кийин башталды. Анткени мектепке Аалы Токомбаев, Касымаалы Жантөшев сыяктуу адабияттын залкарлары жолугушууга келишчү. Анан мен дагы ыр жазууга ооп кеттим. Алгачкы “Жаз күндөрү” деген ырым “Ленинчил жаш” гезитине чыкты. Ошого удаа эле: “Журналист болсом, редакцияда иштесем”, – деген тилек пайда болуп, аскерден келип Кыргыз ТАГга корректор болуп орноштум. Анын директору, бир кезде сиздердин редакцияда башкы редактор болуп иштеген Аскар Сопиев болчу. Мен ошондой аты да, заты да улуу кишилер менен бирге иштегениме сыймыктанам.

– “Кыргыз Туусуна” да күйөө бала болгон экенсиз?

– Ооба. Ушул редакцияда он сегиз жыл бөлүм башчы болуп иштеген журналист, акын, болочок кайненем Салкын Бегалиева адегенде Кыргыз ТАГда иштеп жүрүптүр. Бир жыл чогуу иштедик. Анда университетте сырттан окучу экен. Диплом алгандан кийин “Советтик Кыргызстан” гезитине которулуп кетти. Кызы Батма болсо Кыргыз ТАГга ишке орношуп, ошол жерден таанышып калганбыз. “Кыргыз Туусуна” ошентип күйөө бала болуп калгам. Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин квартиралап жашоо оор болду. Ошол себептүү Ак-Түз деген кен ишканасына которулуп кеттик.

–  Рудниктин  ары  катаал,  ары кооптуу жумушу чыгармачылыкка тоскоол болдубу?

– Жазуучулук – Кудайдын пендесине белекке берген шык, жөндөм экен. Кеп мына ошол талантты кор кылбай өрчүтүп, өстүрө билиште. Ак-Түздө поселоктук жана ишканада эки чоң китепкана боло турган. Мен ошолорго такай барчумун. Андан тышкары республикалык гезит-журналдарга жазылып алчумун. Ошентип кичине-чоңу болуп он эки китепти басмадан чыгардым.

– Сиздин “Тикенектүү гүлдесте” деген ырлар, сатиралар, пародия жыйнагыңызда:

“…Китебим (ай, ушундан коркосуң да),
Жакшы же жаман деп бир тандалбаган,
Эт менен челдин калса ортосунда,
Чынында мага баа жок андан жаман”, – деген саптарыңыз бар экен…

– Ооба, чыгармачыл адам үчүн анын эмгегине толук баа берилбей калганы оор эле болот. Эми мезгил өтүп кетти. Ушул азыр чыгып жаткан китептерди иргеп берген сынчы жок болуп жатат. Өзгөчө жаштардын чыгармаларына көңүл буруп, түз пикирин айткан сынчы болсо, басылмадан начар китептерди чыгарбоого бөгөт кое алсак, окурмандардын колуна жакшы китептер тиймек. Союз убагында маданият министрлигинин атайын бөлүмү болор эле. Обончулар келип, обондорун сындан өткөрүшчү. Обонду нотасы менен композиторлор угуп текшерсе, текстти акындар карачу. Мына ошондо жакшы деп табылган чыгарма кабыл алынчу. Менин да 1983-жылы эки обонум композитор Султан Юсуповдун, акындар Жалил Садыковдун, Турар Кожомбердиевдин сынагынан өтүп, жактырылган. Китепти да адегенде тематикалык планга киргизип, Москвадан бекитилип келгенден кийин чыгарышчу. Азыр ошондой тартипке муктаж болуп жатабыз.

– Сизди чернобылчы катары да билебиз. Ал жакка кандайча барып калгансыз?

– Анда Союз тарай элек болчу. Аскер комиссариаты тарабынан мобилизацияланып, радиациялык нурдан булганган айыл-кыштактарды тазалоо жумушуна катышып, алты ай иштеп келгем. Көзгө көрүнбөгөн, жыты, түсү жок бул жоо менен кармашып келген 3700 кыргызстандыктын азыр 1159у гана калды. Чернобылга барып келгендерден төрөлгөн 3700 наристенин 51и майып болуп төрөлдү…

Биз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары менен тең катардабыз. Аларга кандай жеңилдиктер каралса, бизге да ошондой жеңилдиктер берилет. Республикалык коомубуз бар.

– Ошол Чернобылда жүрүп жазган ырларыңыздан барбы?

– “Роза гүлүн” окуп коюңуздар…

Роза гүлү

Денесине себинишип атырдан,
Гүлдөр кандай бажырайып ачылган?
Роза мына, ойноп турган жашты эмес,
Ооруп турган жанды өзүнө чакырган.

Роза гүлүн далай үзгөм, кармагам,
Далай ирет сүйгөнүмө арнагам.
Роза деген жаштык болчу мен үчүн,
Эң бир таза сүйүү болчу ал маган.

Каптап өттү радиация азабы,
Баарын, баарын… анан назик розаны.
Балыкчылык дозиметрист Саматбек,
Ченеп жүрөт ал гүлдөгү дозаны.

Жай алышып текчелерден, чатырдан.
Атом чаңы ар кай жерде жашынган.
Көркүн тиктеп көз кумары канбаган,
Бул гүлгө да радиация катылган.

Баштагыдай үзмөк түгүл кол созуп,
Сен ал гүлдү жыттагандан коркосуң.
Азыр атом бөлүп турат жолотпой,
Бул гүл менен адамзаттын ортосун…

Жакыпбек АБДЫЛДАЕВ