Турсунбеков президенттикке ат салышарын четке каккан жок

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкерлиги коюлушу мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу ал бүгүн «Спутник-Кыргызстан» радиосунун түз эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

— Бизде президенттикке татыктуулар көп. Такшалган саясатчылар бар. Ошолордун бир тобу татыктуу деп ойлойм, — деген Турсунбеков журналисттин «балким ошолордун бири сиз?» деген суроосуна «балким» деп жооп кайтарды.

Бийликтеги Социал-демократтар партиясы президенттикке өз талапкеринин атын жарыялай элек.

Шайлоого катышарын буга чейин «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев ачык билдирген.

Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган. Ал эми «Ата Мекен» партиясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн.

Булак «Азаттык»