«Ош» аэропортунан жалган күбөлүк менен баланы алып чыгууга аракеттенген аял кармалды

«Ош» аэропортунан Ош — Москва каттамы боюнча учуп жаткан аял кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жасалмалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, 59 жаштагы аял көзөмөл өткөрүү пунктунан 7 жашар кыздын атына жасалмаланган документти көрсөткөн.

«Аял мындай кадамга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын жоготуп жибергендиктен улам барганын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулган соң аял УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Булак: Спутник