25-декабрдын аба ырайы

Кыргызстанда 25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Баткен, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

Абанын ттемпературасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 25-декабрда ала-булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 1…3, күндүз 9…11 градус болот.

Булак: Кыргызгидромет