Жээнбековдун Казакстанга расмий сапары башталат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстанга расмий сапар менен барат. Президенттик аппараттан билдиришкендей, анын жүрүшүндө Жээнбеков Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен чакан чөйрөдө жолугат.

Андан соң кеңейтилген жыйында Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташуу талкууланат.

Президенттин сапары андан ары Орусияда уланып, 26-декабрда Москвага жөнөйт.

Иш сапар Орусия президентинин чакыруусу менен болору айтылды. Кыргыз президенти Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышмакчы.

Булак: Азаттык