Быйыл КРдин футбол чемпионаты кирген голдор боюнча Орто Азияда биринчи болду

Борбор Азия боюнча эң көп гол кирген футбол биринчилиги Кыргызстанда болду. Бул тууралуу маалыматты региондун футбол федерациясынын сайтынан жана MyScore ресурсунан көрүүгө болот.

Бардык өлкөлөрдүн футбол боюнча чемпионаттары өттү. Андыктан алдын ала жыйынтыктарды чыгарууга болот.

Бул жылы дарбазаларга эң көп топ Кыргызстандын футбол биринчилигинде кирди. Тагыраагы топ-лиганын 60 оюнунда дарбазачылар 177 голду тосо албай калышкан. Андан кийин Түркмөнстан турат. 144 оюнда 417 гол кирген.

Коңшу Казакстанда 198 оюн өтүп, 566 топ кирген.

Булак: Спутник