Исаков: архивдик фондду санариптештиребиз

«Өлкөнүн улуттук архивдик фондун санариптештирүү боюнча иштерди жандандыруу зарыл», – деди Сапар Исаков бүгүн Сокулук райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылышында. Өкмөт башчы тийиштүү мекеменин архивдик материалдарды сактоо, комплекттөө, каттоого алуу жана колдонуу боюнча иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Сокулук райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараты 2016-жылы курула башталган. Буга республикалык бюджеттен 24 млн. сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жаңы имарат 3 кабаттан турат. Анда жарандарды кабыл алуучу, архив сактоочу бөлмөлөр, жумушчу кабинеттер, окуу жана окутуу семинарларын өткөрүү үчүн жыйындар залы бар.

Премьер-министр Сокулуктагы иш сапарынын алкагында райондогу биофабриканы көрүп, капиталдык реконструкциялоо боюнча сунушту ыкчам тартипте киргизүүгө тапшырма берди.

Булак: Азаттык