Майрам алдында Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн тартипке өтөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 30-декабрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай кадам майрам алдында ЖАМКтын бөлүмдөрүндө туруктуулукту камсыз кылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жасалууда.

«Бул мөөнөт аралыгында ЖАМК бөлүмдөрүндөгү өткөрүү пунктуларында көзөмөл күчөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Күчөтүлгөн тартип 2018-жылдын 5-январына чейин уланат.

Булак: Спутник