КТРК журналисттин фашисттик армиянын формасын кийгени боюнча түшүндүрмө берди

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков, социалдык түйүндө “Ала-Тоо 24” каналынын диктору Канат Авазбековдун фашисттик армиянын формасын кийген кийими боюнча түшүндүрмө берди.

Коомдук каналдын жетекчиси «Фейсбуктагы» барагында жазгандай, бул сүрөт каналдын жаңы жылдык кечесинен алынган.

— Кеченин жүрүшүндө Канат фашисттик армиянын офицерин туураган күлкүлүү номерге катышкан. Ошол учурда ага форма кийгизилген. Кийин ал форма чечилип, калган убакытта өзүнүн майрамдык кийими менен болгон, — деди Карыпбеков.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Канат Авазбековдун сүрөтүн көрүп, аны «фашизмге үгүттөп жатат» деген мүнөздө сынга алышууда.

Булак: Азаттык