Президент Жээнбеков Россияга иш сапар менен барат

Сооронбай Жээнбековдун иш сапары Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болорун президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө ал Москвада орус бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Россияга сапардын алдында Жээнбеков 25-декабрда Казакстанга барып, казак лидери Нурсултан Назарбаев менен кезиккен. Президенттер эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.

Жээнбеков Казакстандан ары бүгүн Москвага жол тартат.

Булак: Азаттык