Бишкек — Ош автоунаа жолуна чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 125 жана 127-чакырымндарында кар жаап, туман түшкөндүктөн кечээ саат 20.45тер чамасында «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, аба ырайынан улам унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралган. Чектөө жол тыгынынын алдын алуу максатында коюлду.

Ушу тапта №9 жол тейлөө ишканасынан үч грейдер, беш самосвал, эки жүктөгүч жана 15 жумушчу тартылып, жолдун аталган аймактарын кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Спутник