Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ошол күнү Күнайымдын сөөгүн булакка жакын жерге жашырып коюп, Зумурат канча күн, канча түн ошол чакан дөбөнүн үстүндө оонап, ошол жерде уктап, кайра эле ошол жерден ойгонуп, андан башка жашоону унутуп койгондой бирде эки ийнин солкулдата ыйлап, бирде сооронуп, тилин жутуп алган немедей үн да катпай, анда-санда гана булактан барып суу ичип келгени болбосо, отко кактап бышырып, Дүрайым алдына койгон жылкынын этин карап да койбой, колдон келсе Күнайымды ээрчип кете берүүчүдөй чүнчүү менен күн өткөрө берди. Ошондон улам го, демейде бою-башын түзөп жүрчү кең далылуу, чымыр денелүү жигит шапайып арыктап, сакал-мурутунун арасынан жылтырап тиши менен эки көзү эле көрүнүп калды.

Ошондой  күндөрдүн  бир  күнүндө Дүрайым  үңкүйүп  отурган  жигиттин көңүлүн тапты. Булактын жанында отуруп, чөнтөгүнөн ооз  комузун  алып  чыгып,  өгүнү  эле Күнайым  ооруп  жатып  каккан  күүнү какты. Бирок алар, экөө тең “Бакыт күү” деп өздөрү илгери үмүт, ишеним менен атап алган бул күүнү ушундай жерде, ушундай шартта ойнойбуз деп эч качан ойлоруна да келген эмес…

Бирде, кудум кыз кыялындай созолонуп жумшак, назик кубулжуса, бирде нак сүйүүнүн өзүнөн бүткөндөй сырдуу, ар-мандан бүткөндөй муңдуу сыздаган кай-рыктар эми жердин жети кабат түбүнө окшогон бул жараңканын ичинде сыбызгып, азыр эле сурданып, сустайып жаткан жер куйдун ичин ажайып жомокко айлантып, андан ары аскалардын боору өйдө сызылып барып, жер үстүнө чыгып кетип жаткандай эле.

Түйүнчөктөй түйүлүп отурган Зумураттын кулагынан кирген күү бүт дүйнөсүн, тулку боюн аруулап, сыйкырлап жаткандай каны удургуп, уктай баштаган ой-сезимдери ойгонуп, денесине жан кире баштагандай болду. Бирок акырындан жан жыргата баштаган ушул сезимди жоготуп алуудан корккондой, баш көтөрүүдөн коркуп, тек гана эки тизесин кучактаган калыбында жүзүнө аздап кан жүгүрүп, кокус күү бүтүп калбаса экен деп Кудайдан тилене берди.

Бул күүнү ал жакында эле Күнайымдан уккан…

Уккан да, күүнүн жан жыргаткан сыйкырын сезген. Ошол күнү тээ аскалардын боорун тиктеп мелтиреп жаткан кыз капыл-тапыл эле ооз комузун колуна алган. Балким, ал ким бирөөнү бактылуу кылайын же бактылуу болоюн деп эмес, тек гана бул күүнү эми эч качан ойнобой турганын билип, коштошуу үчүн ойногондур? Мүмкүн.

Ошондо сүйүүгө эс-мас, бар дүйнөсү магдыраган  Зумурат  Күнайымдын  күү үйлөгөн сайын бүлкүлдөгөн тамагынан, диртилдеген эки уурту менен эриндеринен, сыйкырдуу, жумшак манжаларынан көз албай, ушул укмуштуудай жагымдуу учур менен жагымдуу күүдөн башкасынын баарына кайыл өндүү асман-жердин, бар-жоктун ортосунда калкылдап, каалгып отурган.

Ансайын, кызганычтан Дүрайымдын жандүйнөсү  жанчылып,  асман-жери аңтарылып бараткан. Канча ирет учуп жетип, курбусунун колундагы ооз комузду жулуп алып, бырчалап-бырчалап ыргыткысы келип, жек көрүү менен ызадан ынтыгып, аба жетишпей дем алуусу оордоп, ызага муунган.

Анткени,  бул  күүнү  Дүрайым  да билчү.

Канча ирет Зумуратка ойноп берүүгө камынып, бирок ыңгайлуу учур-саатын күтүп жүргөн. Бирок минтип, Күнайым озунуп ойноп жиберет деп эч качан күткөн да, ойлогон да эмес! Баамында, сезим-туюмунда мындай ишке барууга Күнайымдын акысы да жок болчу!

“Бакыт күүсүн” экөөнө Күнайымдын чон энеси үйрөткөн. Бак ичинде маңдай-тескей отуруп алышып, жарыша күү күүлөгөн эки кыздын устаты да ошол байбиче болчу. Бул жолу да ак жоолугун жарашыктуу салынып, саймалуу белдемчисинин астынан гүлдүү, жибек көйнөгүнүн этеги булактап, артына таштап койгон чач учтугун   башкача  бир  шыңгырата  ба-сып келип, эки кыздын жанына отурган да:

– Бул күүнү мен силердей кезде, ыраматылык чоң энем үйрөткөн. Ага да чоң энеси үйрөтүптүр. Баарынан кызыгы, алар да ушул күү менен бактыларын тапкан имиш. Мен да бир кыз оюнда ушул күү менен эч кимди теңсинбей жүргөн бир кербездүү, бирок кең пейил, келишкен сулуу жигиттин жүрөгүн багындыргам… – деп келатып, бири-бирин карап жымыйган кыздарды карап кебин бөлгөн:

– Ой, окшошкон!.. Мен да силердей болгом, ушул бойдон эле кемпир болуп туулуп калды дейсиңер го?

– Жок…

– Анан эмне болду эле, чоң эне?

– Эмне болсун, жеңемди төркүлөтүп, ушу айылга келип, кыз-оюнда ушул күүнү каккам.  Ошондо  улуу-кичүүнүн   арасында отурган каратору, жылдызы жанган, кош кареги балбылдаган, кудум сен өңдүү бир сулуу жигит көз албай тиктей берди.

– Чоң атамбы?

– Ооба. Ошондон көп өтпөй эле ар-тымдан жуучу түшүп барышты. Кудайга шүгүр, бактылуу жашадык. Баш кошкондон тартып, көзү жумулуп кеткенге чейин эле кайраным: “Баягы күүнү кагып койчу?”– деп жүрүп өттү.

– Уккубуз келип жатат, чоң эне?

– Чон атаңар кеткени бул күүнү ойно-бой жүрдүм эле… – деген эне ооз кому-зун эрдине сүйөгөн калыбында көздөрүн жумган…

Ошондон кийин эки кыздын эрмеги ушул күү болуп, кээде отуруп алышып тең жарыша чогуу сыбызгытып ойношсо, кээде бири-бирин күтүп, улап ойношо турган. Канткен менен Күнайым курбусуна караганда алда канча батыраак үйрөнүп, анан калса уккулуктуу ойноор эле. Ошого бир аз чычалап, арданган Дүрайымдын колунан ооз комузу түшпөй, андан да алда канча мыкты ойногусу келип далбастай берчү.

Күнайым да аны сезер эле. Ойногонун токтото коюп, Дүрайымдын кайдадыр кайып, тетири кеткен кайрыктарын оңдоо менен алектенип калчу. Баары бир, Дүрайым өзүнө да, курбусуна да ыраазы болчу эмес.

“Балким мунун комузу башкачараак болуп жүрбөсүн. Атасы атайылап эле кызына мыктысын алдырып, мага жайынчасын бергендир?” – деп ойлоп, бир жолу: “Кел, комуз алмашабыз?” – деп Күнайымдын комузун алган. Алар  да  чоң  энелери  сыяктуу, сүйүүдөн бактылуу болууну самап, ушул күү менен өз-өз бактысын табар күндү күтүшчү…

***

Зумурат баш көтөрүп, күү ойногон кызды карады…

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (3-китеп): 1 комментарий

  • Декабрь 28, 2017 в 7:53 пп
    Permalink

    Көбүрөөктөн жазгылааачы

Комментарии запрещены.