Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барат

КРнын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар өнөр жай жана социалдык обьектилерин кыдырып, алардын иши менен таанышат. Тактап айтканда, Премьер-министр Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызмунайгаз» ААК жана Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышмакчы. Мындан тышкары, Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетине жана Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесине барат. Буга катар Өкмөт башчы Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дайрасынын жээгин чыңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Булак: Кабар