Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Сырга уйкусунан ойгонгондо күн кыйла көтөрүлүп калган. Ошентсе да, демейдегидей болбой денеси талыкшып, башы көтөрүлбөй калыптыр. Нымшып тердеп, алсыз шалдайган колдорун араң көтөрүп, төшөнчүсүн жыйды. Анткен менен Асылбектин ашыкча камкор боло түшкөнүнө ичи жылый, көңүлү кичине көтөрүлө түштү. Бирок бир убакта көздөрү алда неге уруна калып, эмне кылаарын билбей калдастай калды да, эшикке чуркап чыкты:

– Асылбек?! Асыке дейм-м?!

Атын токуп жаткан күйөөсү чылбырды мамыга шашылыш орой салып, чуркады:

– Эмне болду?!

– Жүрсөң, Асыке?! – башка эч нерсе айтпай эле эрин билектен алып, үйгө жетелеген Сырга босогону аттап-аттабай жатып, түндөгү бөтөлкө сынган жерди көрсөтүп:

– Тигини карачы! – деди өзү да бүшүркөй карап. Асылбек сыңар тизелеп отура калып, мештин алдында чалкасынан түшүп, курсагын чандайтып өлүп жаткан чычканды көрдү да, буларга жедеп көнүшүп, эчактан тааныш болуп калган, зыяны жок кичинекей макулукту камчысынын учу менен оодарып карап:

– Ыргытпа! – деди калак көтөрүп келген Сыргага.

– Эмнеге? – таң кала сурады келин.

– Жөн эле. Кокус ууланып өлгөн болсо, ит-сит жебесин дегеним. Ушул жолу Сырга дагы суранды:

– Асыке?! Бул жерден кетеличи?!.

Укпай калган окшоп, Асылбек анда да үндөгөн жок. Чычканды калакка өзү салды да, алып чыгып баратып:

– Тигил, сүттүн ордун кырып салчы, бала кармабасын! – деп үйдү айланып басып кетти. Сырга бул күнү кечке кызын колунан түшүргөн жок. Качан гана уктаганда жүктүн үстүнө жаткыра коюп, жердеги ала кийизди эшикке жайды. Түндө сүт төгүлүп, нымда лышкан жерди шыпырып салып, ошол жердеги бармак басымдай оюктун оозуна топурак толтуруп койду.

Үйдөгүлөр качан тынчый калып, эшикке кеткенде, же уктаганда ошол оюктан дайыма жанагы, бечара чычкан чуркап чыгып, ары-бери жүгүрүп тамак издечү. Анын кичинекей көздөрү өтө коркок, анткен менен баланыкындай ойноок, мээримдүү болчу. Адегенде Сыргадан аябай коркор эле. А кийин экөө көнүшүп алган. Сырга уянын оозуна дайыма тамак коюп койчу. Айткандай эле, ошондон кийин чычкан чыны менен эле капты жыртып, жууркан-төшөктү аралаганын койгон. Качан-качан уядан тумшугу, анан жылтылдап көздөрү көрүнүп, башы кылтыйып чыкканда Сырга:

– Ой, жалкоо, тамаксоо! Дагы чыктыңбы? Тамакты талаадан издебейсиңби! Биз кеткенде кантесиң?! – деп калчу. Байкуш чычкан! Көнгөн адаты менен бу жолу да эртең менен жүгүрүп чыгып, ууланган нанды жеп ийип, тындым болуп жатпайбы!

Ансыз да босого тарапка улам кылчактап, жылан кирип келаткандай элеңдеген Сырга чычканын шылтоо кылып, бышактап ыйлап алды. Канчалык карманганы менен, акыры андан ары карманууга кудурети жетпей калды. Түнү менен жөөлүп, эти от менен жалын болуп, улам түшүнөн чочуп тура калып, уктабай чыкты.

* * *

Эртең менен эрте аттанып, жакага түшүп кеткен Асылбек түш оой Бүбү кемпирди алып келип калды.

Бүбү кемпир үч күнү катары менен Сырганын жүрөгүн көтөрүп, дем салды. Ар бир жолкусунда өзү кошо шалкылдап тердеп, бырыш баскан чүтүрөкөй жүзү бирде кубарса, бирде кызарып, көздөрү бирде сүзүлүп, бирде аңтарыла түшүп: «Сүф-ф!» – дем улам дем бүрккөн сайын жоолугунун астынан булайып чыккан ак буладай чачтары кошо сапырылып, желге желпилдей түшүп жатты. Ара чолодо энтигип, эси оогондой эки колун «шалак» таштап ийип, шалдайып отуруп калат да, бир топто барып:

– Бери болчу! – деп эти качкан, анткен менен карылуу колдору менен улам кайра келиндин жүрөгүн көтөрөт. Ара чолодо Кызмончокко да дем сала коюп жатты да:

– Кудайым чоң сактаган экен! – деди. – Балага катуу көз тийиптир! Бирок Кудайдын кудуретин карабайсыңарбы! Кайра эбепке-себеп кылып…

– Кимдин көзү тийет, апа? Жайлоого чыкканы киши-кара деле келген эмес?

«Мени эмне, калп айтып жатат дейсиңби?!» – деп жактырбагандай эне келинди кыйгачтай карап алды да:

– Кишинин көзү тийсе, наристе көтөрүшү мүмкүн. Асты… – деп келатып, көздөрүн жума калып, көпкө чейин унчукпай чайпалып отурду да:

– Астафрылла!.. – деп жакасын карманып ийди, – Буту-колсуз, ырайы суук кара чаар жыландын сугу өткөн экен буга!..

Кемпирдин кудум жыланды өз көзү менен көргөндөй окшоштуруп айтканына таң калып, Асылбек менен Сырга бири-бирин карашты.

– Ооба, апа, алиги жыландын кебетеси так ошондой болчу, – деди келин.

– Ошондо жылан үйүңөргө эки жолу кириптир… Биринчисинде мына бу жерде жаткан окшойт… – Асылбек, жатчу жерди таягынын учу менен чукуп көрсөттү, – Жарык өчкөн кезде анан бешикке келиптир… Асылбек, сен туйган экенсиң го?!

Асылбек «селт» эте түштү: «Менби?! Кантип?!..» Анан бир нерсе жүргөндөй көкүрөгүнөн алды бүлкүлд өй түшүп, бирок сыйпалап көрүп, колуна эч нерсе урунбаганы, Сырга экөөнүн сүйлөшкөндөрү эсине түшүп кетти.

– Бирок ошо байкабай калганың дурус болуптур, – деди эне анын оюн окугандай, – Бу да болсо Кудайдын колдогону да… Ошондон кийин жылан бешиктин жанына келип, балага назарын төшөп, көпкө карап турган экен, сугу өтүп кеткендей… Бала чыңырып-чычып ыйлады беле? – көздөрүн ачпаган тейден, ошол окуяны кудум көрүп жаткандай сүйлөнө берди эне.

– Ооба! – дешти жубайлар.

– Бирок жыландын кайрылып келгени жакшы болуптур! Болбосо, сугу баланы соо кылмак эмес! Жарыктык, ошону билип, назарын кайра кайтарып алганын кара!..

– Апа, аларга эмне керек экен?! – деди Асылбек чыдамы түгөнгөндөй. Апа андан аркысын айткысы келген жокпу, же чын эле чарчап калдыбы:

– Балам, мен кары кишимин. Чарчадым! Анын үстүнө мен Кудай эмесмин да! Теңирдин айт дегенинен ашыкты айта албайм! – деп койду. Качан гана үчүнчү күн дегенде Сырга өзүнө келип, төшөктөн турду. Ошондо гана Бүбү кемпир үчөөнү маңдайына отургузуп алып, улам бирин камчы менен жонго таптап, көпкө чейин дуба окуду. Андан кийин да теспесин тегеретип, эриндерин гана бүлкүлдөтө ичинен күңгүрөнүп, көздөрүн жума чайпалып отурду. Кичинекей Кызмончок да алда нени түшүнүп койгонсуп, атасынын алдында момурап, кемпирден көзүн албайт. «Эми дагы эмне деп ийет?» – деп ичтеринен түйшөлгөн жубайлар бири-бирин үнсүз карашат.

Тээ далайда гана кемпир ичиркене, денесин бир катуу силкип, жыйрылып алды да:

– Ла илаха-иллаллах Мухаммад расуллах! – деп бир нече жолу үн чыгара келме келтирип, – Астафур Алла, Астафур Алла! – деп жакасын карманып ийди. Ошондон кийин да далайга барып майы түгөнүп, бүлбүлдөгөн көздөрүн жылтырата чала-була ачып, өзүн тиктеп, үн-сөзү жок алайып отурган үчөөнү кыдырата карап:

– Бул бала жөнөкөй эмес, – деди Кызмончокту ээги менен жаңсай, – Мында бир сыр жатат…

Бир убакта кемпир башка дүйнөдө жүргөндөй өзү менен өзү болуп кетти. Ким бирөө менен сүйлөшүп жаткандай бирде угуза, бирде угузбай күңгүрөнүп:

– Акыры болмок!.. – деди

Бүбү үн чыгарбай, алда нени угуп жаткандай дымып, жымжырттыкка кулагын түрө тунжурай калып, тээ далайда барып анан:

– Өх-х-хх!.. – деп өзөгү жарылып кеткендей созолоно, узакка үшкүрдү да, шалдайып отуруп калды.

– Апа?! – деп ийди жедеп чыдамы кетип, жүрөгү лакылдаган Сырга бир убакта.  – Эмне көрдүңүз, апа?! Эне билдиңиз?!

Өңү түктүйгөн Асылбек да кемпирден ушуну сурагысы келип, бирок өзүн кармай, сабыр тутуп отурган.

– Билбейм! – деди кемпир чындап эле өзүнө-өзү күмөнсүй. – Баары чаташып калгансыйт… Капырай!

Башка эч нерсе айтпай, этек-жеңин кагына анан ордунан козголду:

– Мен кетейин…

– Ачык айтып, ак сүйлөңүзчү, апа?! – Сырга анын этек-жеңине жармашты. – Айтыңызчы, апа?!

– Чш-ш! Кантет? – деди эми бүбү кемпир аны жоошута бек-бек айтып. – Ботом, бу кандай опсуз келинсиң өзүң?! Мен эмне, Кудай белем, тек гана жыландардын адам баласына ык тартып, зыянсыз аралашканын айтып жатам!

– Аа… – деген Сырганын жүрөгү ылдыйлап, ынангансып калды да, ордунан тура калып, байбиченин үстүнө көйнөк-чапанын жаап, сүзмө-курутун, каймак- майын, набат салган куржунун ала чуркап:

– Апа, муну бала-бакырага ала бараңыз, – деди. Байбиче босогого жеткенде алда нени унутуп калгандай артына атайын кылчайып:

– Айтмакчы, ал макулуктардан эми коркчу болбогула. Жыландардын силерге залакасы жок! Бирок бу тууралуу көрүнгөнгө айта бербей, сыр сактаганыңар оң! – деп анан алакан жая бата кылды. – Омийин! Жараткан силерди жамандыктардан, саат-кырсыктардан коргоп, колдосун!

Бүбү кемпирди Асылбек куржун-чанач артылган боз бээге так көтөрүп атказды да, тээ Жинди-Чаптан ары ашырып, узатып келди.

– Болду эми, балам! Катын-балаң жалгыз эмеспи, кайта бер! – деди ошол жерге жеткенде апа. – Эми мындан аркы жер сырдана го, жетип алам. Бара гой!

Айткандай эле адырдын этегинен чоң апасынын жолун акмалап, неберелери тосуп жүрүшкөн.

(Уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.