Үзүлгөн электр линияларын оңдоо иштери уланат

“Түндүк электр” ишканасы Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында электр жарыгын калыбына келтирүү иштерин улантат.

Кечээ калың кардын айынан үзүлгөн электр линияларынын 60 пайызы гана калыбына келтирилгенин аталган ишканадан билдиришти.

Аба ырайынан Бишкек жана Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облустарынын бир катар районунда электр линиялары карды көтөрө албай үзүлгө. Оңдоо иштери караңгы киргенге чейин жүргөн, бүгүн да улантылат.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түшкөн, электр зымдары үзүлүп, жарык өчкөн.

Калың кардан Бишкек-Ош жолу да бир суткага жабылып, азыр трассададагы «Сосновка» жана «Арал» постторунда жалпы миңден ашуун машине топтолуп турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки постто тең айдоочулар үчүн жылынуучу пункттар, ысык тамак уюштурулганын маалымдады. Төө-Ашууда калың карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Азаттык