Кегетиде 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда болжол менен саат 14:00дө окуучулар генератордун жардамы менен Жаңы жылдык майрам уюштурушкан.

“Саат 17:00дө Чүй райондук ооруканасына 50гө жакын окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланып кайрылышкан. Азыркы учурда ооруканага кайрылган окуучулардын абалы туруктуу”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар