Пятница, 29 марта, 2024
11.1 C
Бишкек

ДССУ Кыргызстанга медициналык жабдыктарды берди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн жабдыктарды акысыз тапшырды.

Бул гуманитардык жардамга медициналык буюмдар, атап айтканда атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттер жана башкалар кирет. Жүк ДССУнун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 240 кгдан жогору болуп, баасы 37,000 АКШ долларынан ашты.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында 100дөн ашык адамга жаракат алган учурларда жана хирургиялык патологияларда медициналык жардам көрсөтүүгө болот.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар