«Ташкент-Бишкек-Балыкчы» поезди июндан тартып каттайт

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, «Ташкент-Бишкек-Балыкчы» багытындагы темир жол каттамынын жадыбалы иштелип чыкты.

Маалыматка караганда, аталган багыт боюнча поезд 2018-жылдын июнь айынан тартып иштей баштайт. Өзбекстандын поезди 16-июндан тартып, 25-августка чейин Ташкенттен ар ишемби күндөрү Кыргызстанды көздөй чыгат. Балыкчыдагы бекетке жекшемби сайын келип турат.

Балыкчыдан кайра дүйшөмбү күнү жөнөп, эртеси Ташкент шаарына жетип калат. Билеттер майдан тарта сатыла баштайт. Анын акысы бычыла элек, каттам убактысы да жаңы жылда белгилүү болот.

Булак: Азаттык