Көчмөндөр оюндарынын жаңыланган логотиби көрсөтүлдү

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жаңы логотипти көрсөттү.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын логотиби

 

Декабрдын орто ченинде премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) даярдыкты баштоону тапшырган. Үчүнчү ирет болчу оюндар 2018-жылдын сентябрь айына белгиленди.

«Көчмөндөр оюндарынын күн түрүндөгү жаңыланган логотиби ДКОнун концепциясын чагылдырып, дүйнөдөгү көчмөн элдердин жашоо философиясын көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары эки жылда бир өтүп туруучу спорттук-маданий иш-чара. Биринчи 2014-жылы өтсө, экинчи оюндар 2016-жылы болгон. Оюндар салтка ылайык, Ысык-Көл облусунда өтүп келет.

Булак: Спутник