«Көктөгү күнгө, жердеги элге мээримим канбады»

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


«Казак кандай болуусу керек?» деген суроого казактын атактуу жазуучусу, мамлекеттик ишмер, парламенттин депутаты, Эмгек баатыры Абиш Кекилбаев: «Казак мурда кандай болгон?» десе, Акселеунү көргөзүп: «Казак ушундай болгон!», — дейм, «Казак келечекте кандай болот?», — десе, «Казак ошондой болот!», — деп дагы да Акселеунү көргөзөм», — дептир.

Эки  жыл  мурда  дүйнөдөн өткөн  сөз  зергери  Абиш Кекилбаев  бул  сөздү  публицист, жазуучу-этнограф, илимдин доктору,  профессор,  мамлекеттик сыйлыктын ээси Акселеу Сейдимбекти эске алуу конференциясында беш жыл мурда айткан. 12-де-кабрда  дүйнөдө  алтымыш  жети жыл өмүр сүрүп, казак улутунун эталонуна  айланган   Акселеу Сейдимбектин 75 жылдык юбилейин  казак  коомчулугу  кеңири белгилешти.

КазМУду бүтүргөн соң, 1968-жылдан баштап жаштар  гезитинде  тилчи,  облустук гезитте бөлүм баш-чы, республикалык гезитте жооптуу катчы болуп иштеген  Акселеу  Сейдимбек 1983-жылы Казакстандын республикалык  илимий-көпчүлүк «Билим жана эмгек» журналына башкы редактор болуп дайындалат. Казактын руханий ма-даниятын боюна сиңирген таланттуу каламгер журналдын мазмунун заман агымына ылайыкташтырып, өзгөрткөн болчу.

Жаңычыл,  изденгич  башкы редактор Эллада элинин тарыхын аңтарып, заманынын улуу ойчул-дарынын бири Анахарсис (б.э.ч. 605 – 545-жылдар) тууралуу мака-ла жарыялаган. Журналда 1984-жылы жарык көргөн ушул «Анахарс» деген макаладан үзүндүнү сунуш-тайбыз.

Анахарс

Скифтер  тарыхын  таануу аркылуу түбү түркү тилдүү элдер өзүнүн тек-тамырын терең биле тургандыгында күмөн жок. Бул  өңүттө  ошол  замандагы  тарыхий инсандардын бири – Анахарс. Грекче – Анахарсис. Ал скиф элинен чыккан даанышман, тапкыч  чечен.  Анахарстын  атасы  – көчмөндөрдүн атактуу ханы Гнур (Күннур),  энеси  –  Афины,  грек ак сөөктөрүнүн кызы. Ал эзелки грек тилин терең өздөштүрүп, тай-журту – эллиндар арасында өзүн эркин алып жүргөн. Анахарс Эллада элиндеги жети даанышман-дын бири Солон менен, скифтен чыккан атактуу дарыгер Токсары менен (грекче – Токсарис) жакын дос болгон. Эллада элинин салт-адаттарына көнүккөн Анахарс өз элине келгенде, көзгө чыккан чый-кандай болуп көрүнгөн. Акыры өз иниси Сабылдын (грекче – Савлий) колунан каза тапкан. Анахарстын тапкычтык-кеменгердиги тууралуу Геродот, Платон, Диоген, Лукиан, Секст Эмпирик, Плутарх, Мишель Монтен сыяктуу белгилүү инсан-дар ой-пикирлерин, эскерүүлөрүн калтырган. Ошолордун айрымдары төмөндөгүдөй.

* * *

Анахарс  Афины  шаарына Евкрат бийлик куруп турган кезде, 48-олимпиада тушунда келген. Ушул сапарында ал атактуу даанышман Солондун үйүнө келиптир да, үйдүн кызматчысы аркылуу: «Анахарс келди. Солонду көргүм келет жана мүмкүн болсо достошуп, конок болгум келет», – деп айттырат. Муну уккан Солон кызматчысы  аркылуу:  «Адатта, досту  өз  ата  мекенинен  издеген абзел», – деп жооп кайтарат. Ошондо Анахарс дароо: «Солон өз ата мекенинде го, андай болсо  достон  эмнеге  качат?!»  –  деп айткан.  Мындай  сөздөн  кийин Солон  Анахарсты  кабыл  алып, кийин эң жакын достордон болгон.

* * *

Анахарс  спорт  оюндарын көрүп: «Кызык, эллиндер тентекти тыюу үчүн мыйзам чыгарат, ошенте туруп бир-бирин муштагандарга сыйлык берет!» – деген экен.

* * *

Анахарс дагы бирде: «Кызык, Элладада мелдешке жалаң мыктылар чыгат да, калыстар тобуна кайдагы бир дареметсиз адамдар жыйналат экен!» – деп таң калыптыр.

* * *

Анахарс  кеме  жыгачынын калыңдыгы төрт эли экендигин билгенде: «Кемечилер өлүмдөн төрт эли алыстыкта болот экен!» – дептир.

* * *

«Адамдын бактысына жана  шоруна  бирдей  себепчи боло турган эмне?» дегенге   Анахарс:  «Тил!»  –  деп  жооп берген. «Базар – адамдарды бир-бирин алдап, тоноосу үчүн атайын ойлоп табылган орун» , – дептир ал.

* * *

Солондун  мыйзам  чыга-руу иши менен алпурушуп жүргөнүн  байкап  Анахарс:  «Солондун максаты – кылмыш менен кыянатчылыктан адамдарды жазылган мыйзам аркылуу коргоо. Анын бул тиричилиги жөргөмүштүн торуна окшош. Себеби, мыйзамга алсыздар менен кедейлер тутулат да, алдуулар менен байлар торду үзүп, качып кетишет!» – деп күлүптүр.

* * *

Анахарстын  көрүстөндөгү ташында:  «Тилиңе,  жүрүм-турумуңа,  денеңе  ээ  бол!» –  деген  сөз  жазылыптыр.  Бул да  Анахарстын  өз  сөзү  болсо керек.

Казакстанга  барган  сапарыбызда казактын бир тубар перзенти Акселеу Сейдимбектин түбөлүк жаткан жерин көрдүк. Бейитиндеги таш белгиге өзүнүн «Көктөгү  күнгө,  жердеги  элге мээримим канбады» деген сөзү жазылыптыр.