4-январга карата аба ырайы

4-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -10…-15;

​Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 0…2°.