Эмдөөдөн 2,5 миң жаран баш тарткан

Кыргызстанда 2,5 миң киши диний ишенимден улам вакцинациядан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майдагы парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин билдирди.

Бүгүн парламентте “Инфекциялык оорулардын алдын алуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда карап жатат.

Жыйында депутат Дастан Бекешев диний ишенимден улам эмдөөдөн баш тарткан жарандардын санын тактап сураган. Эл өкүлүнүн суроосуна карата Олег Горин 2,5 миңден ашык киши эмдөөдөн баш тартканын, бул багытта муфтият менен кызматташуу жүрүп жатканын билдирген.