Жер кыртышындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө

Токмок шаарынын жер кыртышындагы сууларынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш чаралары жүргүзүлүүдө,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, Токмок шаарынын 70-жыл Октябрь көчөсүнөн — Родниковая көчөсүнө чейин, Родниковая көчөсүнөн — Охотничая көчөлөрүндө ачык типтеги коллектордук дренажды тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

“Жалпы тазаланган ачык типтеги коллектордук дренаждын узундугу 200 метр. Тазалоо иш-чаралары бүгүн да улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

Суунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн жалпысынан бир техника жана Токмок шаардык 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 адам тартылган.

Булак: Кабар