КР жарандыгын алгандар жана андан баш тарткандар. Президент Жарлыкка кол койду

Кыргызстандын жарандыгы 1210 адам кабыл алса, 629 киши андан чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 30-январында кол койгон.

КР жарандыгына ээ болгон 1210 адамдын 1056сы — чоң кишилер болсо, 154ү — балдар. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Тажикстандын мурунку жарандары жана тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткан 629 адамдын 477си — чоң кишилер болсо, 152си — балдар экени айтылууда.

Жарандык алган жана андан чыккандардын толук тизмеси президенттин сайтына жарыяланды.

Булак: Спутник